Мазмунун көрсөтүү

8-НОЯБРЬ, 2019-ЖЫЛ
ФИЛИППИН

Манила, Филиппин. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Манила, Филиппин. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 1—3-ноябрь, 2019-жыл

  • Өткөрүлгөн жери: «Молл-оф-Азия» аренасы жана «SMX» жыйындар борбору, Манила, Филиппин

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, тагал

  • Катышкандардын жогорку саны: 26 245

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 145

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 397

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Борбордук Европа, Жапония, Индонезия, Италия, Казакстан, Кошмо Штаттар, Мадагаскар, Малайзия, Мьянма, Папуа-Жаңы Гвинея, Соломон аралдары, Таиланд, Тайвань, Түштүк Африка, Франция, Шри-Ланка

  • Жергиликтүү окуялар: «Молл-оф-Азия» аренасында кардарлар менен иштешкен Рожелио Жолоңбаян деген менежер: «Биз иштешкен адамдардын ичинен эң эле тартиптүүлөрү силер болдуңар. Биздин аренада жыйын өткөргөнүңөргө аябай кубанып жатабыз»,— деп айткан.

    Түштүк аймактагы полициянын генерал-майору Ноласко Батан мындай деп ой бөлүшкөн: «Делегаттардын баары жыйын өтө турган жерге ызы-чуу салбай, кезектешип кирип жатышты. Баары жакшы уюштурулгандыктан, биздин кызматыбыздын деле кереги тийген жок».

    «Манила мейманканасында» коопсуздукка жооп берген менежердин жардамчысы Теофило Лабе делегаттардын экскурсиялары уюшулгандыкта өтүшүнө жооптуу болчу. Бир нече убакыт байкоо салгандан кийин ал мындай деген: «Эгер мейманкананын жетекчилери менден экскурсиялар кандай өтүп жатканын сурап калса, эң мыкты деп бааламакмын. Силер аябай тартиптүү адамдар экенсиңер».

 

Жергиликтүү бир туугандар Филиппиндеги Бейтелге келген делегаттарды тосуп алууда

Жыйынга чейин бир туугандар чакыруу баракчаларын таратып жүрүшөт

Жыйын башталганга чейин филиалдын төрт өкүлү пресс-конференцияда суроолорго жооп берүүдө

Жыйынга келгендер аренанын сыртында пикирлешип жатышат

Делегаттар жергиликтүү бир туугандар менен сүрөткө түшүп жатышат

Жыйын учурунда ырдап жаткан ишенимдештерибиз

Ишемби күнү чөмүлүп жаткан эки бир тууган

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон ишемби күндүн соңку баяндамасын айтууда

Жыйындын акыркы күнүндө атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар Марк Сандерсон бир тууган менен сахнада жана анын тегерегинде турушат

Делегаттар үчүн уюштурулган атайын программа учурунда бир туугандар филиппин элинин «Тиниклинг» деп аталган улуттук бийин бийлеп жатышат