Мазмунун көрсөтүү

DECEMBER 22, 2021
ФИЛИППИН

«Раи» тайфуну Филиппинди бүлгүнгө учуратты

«Раи» тайфуну Филиппинди бүлгүнгө учуратты

2021-жылдын 16—18-декабрына чейин «Раи» («Одетте» деп да белгилүү) тайфуну Филиппиндин бир катар жерлеринин таш-талканын чыгарды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 195 километрге жетти. Тайфундан көбүнесе Сиаргао аралы зыян тартты. Минданаонун түндүгүндөгү, Лусондун түштүгүндөгү аймактар жана Висай аралдары да катуу жабыркады.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Өкүнүчтүүсү, 4 жарчы каза болду

  • 1 жарчы дайынсыз болууда

  • 12 ишенимдешибиз жаракат алышты

  • 2 000ден ашуун жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 246 үй толугу менен талкаланып калды

  • 327 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 174 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 43 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Табигый кырсыктан жапа чеккендерге көмөк кылуу ишин уюштуруш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 6 комитет түзүлдү

  • Жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарды, анын ичинде жакынынан айрылгандарды сооротууда

  • Бардык жардам берүү иштери COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чаралары менен аткарылууда

Аксакалдардын жетекчилиги алдында табигый кырсык болбогон аймактагы Жахабанын Күбөлөрү тайфундан жапа чеккен ишенимдештерине азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүштү. Давао шаарында чогултулган азык-түлүк салынган баштыктар тез аранын ичинде Суригаодогу үй-бүлөлөргө жеткирилип жатты.

Тайфундан улам айрым бир туугандарыбыз өмүрүнөн айрылып калганын угуп, жүрөгүбүз тилинип жатат. Жахабанын бизди азыркы «өзгөчө оор мезгилде» таштабай турганына, сооротуп, күч берерине толугу менен ишенебиз (2 Тиметей 3:1).