Мазмунун көрсөтүү

Бир туугандарыбыздын шамалдан талкаланган үч үйүнүн экөө

2019-ЖЫЛ, 22-ЯНВАРЬ
ФИЛИППИН

Тропикалык катуу шамалдан улам Филиппиндин чыгышында жер көчкү болуп, сел жүрдү

Тропикалык катуу шамалдан улам Филиппиндин чыгышында жер көчкү болуп, сел жүрдү

2018-жылдын 29-декабрында «Усман» деп аталган тропикалык катуу шамал Филиппиндеги чоңдугу боюнча үчүнчү орунда турган Самар аралында жер көчкүнү пайда кылды. Катуу шамал айдап келген нөшөрлөгөн жаандын кесепетинде жер көчкү болуп, сел каптады. Бери дегенде, 25 киши каза таап, 42 киши жаракат алды. Жалпысынан 22 835 үй зыян тартты.

Филиппиндеги филиал бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болбогонун билдирди. Бирок алардын үч үйү талкаланып, төртөө зыянга учурады. Ошондой эле бир Падышалык залы талкаланып калды. Кырсык болгондо жардам берүү комитети филиалдын көзөмөлү алдында кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү зарыл нерселер жана убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууда.

Биз катуу шамалдан жабыр тарткан бир туугандарыбыздын Жахабанын «бекем, күчтүү кыларына» толук ишенип, ага таяна берерине үмүттөнөбүз (1 Петир 5:10).