Мазмунун көрсөтүү

2-ЯНВАРЬ, 2020
ФИЛИППИН

Филиппинге бүлгүн салган «Фанфон» тайфуну

Филиппинге бүлгүн салган «Фанфон» тайфуну

«Урсула» деп да белгилүү болгон «Фанфон» тайфунунан улам 2019-жылдын 24-декабрында Филиппиндеги Самар аралынын чыгышында жер көчкү жүрдү. Жахабанын Күбөлөрүнөн эч ким зыян тарткан же каза болгон жок. Бирок алардын 464 үйү жана 6 Падышалык залы зыянга учурады. Филиппиндеги филиал бул тайфундан жабыр тарткан аралдардагы ишенимдештерибизди бекемдеп-жубатыш үчүн жана зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча беш комитет уюштурду.

«Фанфон» Филиппинде 2019-жылы болгон тайфундардын жыйырма биринчиси деп катталды. Андан тышкары, жакында эле өлкөнүн түштүк жагында бир нече жер титирөө болду. Учурда жалпы жонунан кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча 18 комитет иштеп жатат.

Филиппиндеги ишенимдештерибиздин «абдан боорукер, кайрымдуу» Кудайыбыз Жахабага таянып, туруктуулугун сактап жатканы кубандырбай койбойт (Жакып 5:11).