28-МАЙ, 2020
ФИЛИППИН
Филиппиндеги бороон-чапкын мезгили бүлгүндүү «Вонгфонг» тайфуну менен башталды
2020-жылдын 14-майында Самар аралын «Вонгфонг» (жергиликтүү эл «Амбо» деп атаган) тайфуну каптады. Быйыл Самар аралына Тынч океандын батышынан соккон, 3-категориядагы биринчи тропикалык бул тайфундун ылдамдыгы саатына 185 километрге чейин жетти. Миңдеген кишилер эвакуацияланууга мажбур болушту. Мунусунда бул өзгөчө кыйынчылыктар менен коштолду, анткени бийликтегилердин социалдык аралыкты сактоого карата бекиткен талаптарын аткарыш керек болду.
Бир туугандарыбыздын эч кимиси жаракат албаганы менен, 59у үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Учурда мектептерде же ишенимдештерибиздикинде убактылуу баш калкалап жатышат. Мындан сырткары, 82 бир тууганыбыздын үйү же зыянга учурады, же таптакыр талкаланды. Ошондой эле беш Падышалык залы зыянга учурап, бирөө толук талкаланып калды. Филиппиндеги филиалдын комитети кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн эки жардам берүү комитетин түзүп, зарыл нерселер менен камсыз кылып, рухий жактан бекемдеп жатышат.
Филиппиндеги удаа келген эки балээге: тайфун менен пандемияга кабылган сүйүктүү туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз. «Түбөлүк Аскабыз» болгон Жахабанын аларды зарыл нерселер менен камсыз кыларынан эч шектенбейбиз (Ышая 26:4).