Мазмунун көрсөтүү

13-ДЕКАБРЬ, 2019
ФИЛИППИН

Филиппинде катуу тайфун болду

Филиппинде катуу тайфун болду

2019-жылдын 2-декабрында Филиппинде «Каммури» («Тисой» деп да белгилүү) деп аталган тайфун болуп, Лусон аралынын түштүк жагындагы Биколь аймагында жер көчтү. Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси каза тапкан же жаракат алган эмес. Анткен менен алардын 108 үйү катуу талкаланып, 478и жарым-жартылай зыянга учураган. Андан тышкары, 15 Падышалык залы зыян тарткан.

Тайфун көп аймактардын таш-талканын чыгаргандыктан, Филиппиндеги филиал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн сегиз комитет уюштуруп, ишенимдештерибизди жубатып-сооротууда жана зарыл нерселер менен камсыз кылууда.

Баарыбыз забурчунун: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Жахаба сага жооп берсин... Ыйык жерден сага жардам жиберсин»,— деген сөздөрүнө кошулуп, Филиппиндеги боордошторубуз үчүн тиленип турабыз (Забур 20:1, 2).