2019-ЖЫЛ, 11-СЕНТЯБРЬ
ФИЛИППИН
Филиппинде суу ташкыны болду
2019-жылдын 28-августунда катуу жааган жаандан улам Давао шаарындагы Таломо дарыясы ташкындаган. Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, 545ке жакын үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келген.
Филиппиндеги филиал бул кырсыктын беш жыйналыштан болгон 120 жарчыга таасир эткенин билдирди. Жарчылардын көбү Падышалык залында баш калкалоого аргасыз болууда. Суу ташкынынан улам бир туугандарыбыздын үч үйү талкаланып, төртөө зыянга учураган.
Жабыр тарткан бир туугандарга кам көрүш үчүн филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин (КБЖБК) уюштурган. КБЖБК бир туугандарга зарыл нерселердин жеткирилишин көзөмөлдөп, суу каптаган үйлөрдү тазалоо иштерин уюштурууда.
Биз Давао шаарындагы ишенимдештерибиздин оор учурларда да көрсөтүлгөн бир туугандык сүйүүгө бөлөнүп, сооронушун сурап тиленип турабыз (Римдиктер 12:10).