Мазмунун көрсөтүү

Тагиг шаарындагы (Манила метрополитени) бир туугандардын өрттөнүп кеткен үйлөрү

2019-ЖЫЛ, 21-МАЙ
ФИЛИППИН

Филиппинде тутанган от үйлөрдү жалмап кетти

Филиппинде тутанган от үйлөрдү жалмап кетти

2019-жылдын мартында Филиппиндеги Самар аралында жайгашкан Калбаёг шаарындагы 128 үйдү өрт жалмап кеткен. Мурунку айда Лусон аралындагы Тагиг шаарында өрт чыккан. Жахабанын Күбөлөрүнүн жалпысынан жети үйү өрттөнүп кеткен. Үйү өрттөнүп кеткен Жахабанын Күбөлөрү зыян тартпаган ишенимдештериникинде баш калкалоодо.

Филиал дароо чара көрүп, жабыркагандарды азык-түлүк, суу жана кийим-кече менен камсыз кылуу ишин уюштурган. Жергиликтүү аксакалдар жапа чеккен бир туугандарды жубатып, керектүү жардамды көрсөтүүдө. Кырсык болгондо жардам берүү үчүн уюшулган эки комитет Жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү менен биргеликте бир туугандарыбыздын үйүн кайра куруп берүүгө даярдык көрүп жатат.

Биз бул өрттөн зыян тарткан бир туугандарыбызга Жахаба Кудайыбыздын мындан ары да баш маана боло берерине толук ишенебиз (Забур 62:8).