Мазмунун көрсөтүү

Таш-талканы чыккан 195 үйдүн бири

18-НОЯБРЬ, 2019
ФИЛИППИН

Филиппиндин түштүгүндө бир нече жолу жер силкинди

Филиппиндин түштүгүндө бир нече жолу жер силкинди

2019-жылдын 16-октябрынан тартып Филиппиндин түштүгүндө бир нече жолу жер силкинди. Анын кесепетинде 21 киши өмүрү менен кош айтышып, 400дөн ашуун киши жаракат алды. Ал эми 35 000ден ашууну башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Жер титирөөлөрдүн, бери дегенде, үчөөнүн кубаттуулугу 6 баллга жеткени аныкталды. Ал аймакта андан кийин да бир канча жолу жер титиреди. Бактыга жараша, ишенимдештерибиздин эч кимиси каза тапкан эмес. Бир ишенимдешибиз гана анча-мынча жараат алган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн 195 үйү жана 4 сыйынуу жайы талкаланып калган. Ал эми алардын 351 үйү жана 9 сыйынуу жайы жарым-жартылай зыянга учураган. Үйдө жашоо кооптуу болуп жаткандыктан, ишенимдештерибиздин көбү азырынча чатырларда баш калкалоодо.

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин көзөмөлдөш үчүн Филиппиндеги филиал эки комитет уюштурду. Ошондой эле филиалдын алты өкүлү, анын ичинде филиалдын комитетинин үч мүчөсү кырсык болгон аймакка барып, зыян тарткандарды Ыйык Китептин негизинде жубатып-сооротушту.

Биз жер титирөөдөн жабыр тарткан ишенимдештерибизди колдоп турушун сурап Жахаба Кудайдан тилене беребиз (Забур 70:5).