23-НОЯБРЬ, 2020
ФИЛИППИН
Филиппинди дагы бир тайфун бүлгүнгө учуратты
Болгон жери
Лусон
Кырсык
2020-жылдын 11-ноябрында «Вамко» тайфуну (Филиппинде «Уллис» деп да белгилүү) Кесон провинциясындагы Патнанунганды жана Лусондогу дагы башка көптөгөн аймактарды бүлгүнгө учуратты
«Вамко» тайфуну Филиппинде ушул жылы болгон тропикалык циклондордун 21си. Ал циклон алып келген мындай сел өлкөнүн тарыхында боло элек болчу
Филиппиндеги Лусон аралын эки жумадай мурун эле «Гони» тайфуну кыйраткан. Ал 2013-жылдан берки эң кубаттуу тайфундардын бири болуп катталган
Тайфундан кийинки катуу жаан-чачындан улам чоң дамбалардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абалга келип калган. Ошол себептен бийликтегилер дамбалардагы сууну коё берүүгө мажбур болушкан. Натыйжада суу «Вамко» тайфуну болбогон аймактарды каптаган
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Суу каптагандыктан, 600дөн ашуун үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн. Ал үй-бүлөлөрдүн айрымдары жардам келгенге чейин үйүнүн чатырына чыкканга аргасыз болушкан
Бир жаш ишенимдешибиздин бетине айнек чачырап, жаракат алган. Азыр ал жакшы болуп келатат
Мүлккө келтирилген зыян
Алгачкы отчётко ылайык:
Бери дегенде, 6 Падышалык залын жана 1 алыскы котормо кеңсесин суу каптап калган
Бери дегенде, 20 үй зыян тартты
1 үй талкаланды
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар алгачкы жардамды уюштурушту. Мисалы, башка жакка көчүрүлгөн ишенимдештерибизди тамак-аш, суу, баш калкалоочу жай менен камсыз кылышты
Айрым үй-бүлөлөр үйлөрүнө кайтып барып, тазалоо иштерин жүргүзө башташты
Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 3 жаңы комитет уюштурулуп, жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү иштерин көзөмөлдөп жатат
Жардам берүү иштерине катышкан ишенимдештерибиз COVID-19га байланыштуу сактык чараларына карманып жатышат
Биз Жахабанын азыркы оор учурда бир туугандарыбызды колдой турганына толук ишенебиз. Баарыбыз табигый кырсыктардан коркпой, тынч, коопсуз жашай турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Забур 4:8).