Мазмунун көрсөтүү

12-НОЯБРЬ, 2020
ФИЛИППИН

Филиппинди эки тайфун чоң бүлгүнгө учуратты

Филиппинди эки тайфун чоң бүлгүнгө учуратты

Болгон жери

Түштүк Лусон жана жакын жайгашкан башка аралдар

Кырсык

  • 2020-жылдын 25-октябрында «Молаве» тайфуну (Филиппинде «Квинта» деп да белгилүү) Лусон аралындагы Биколь регионуна караштуу Албай провинциясына бүлгүн салды. Ээ-жаа бербеген шамал Лусон аралындагы дагы башка аймактарды кыйратып кетти

  • 2020-жылдын 1-ноябрында «Гони» тайфунунан улам (Филиппинде «Ролли» деп да белгилүү) Катандуанестенин таш-талканы чыкты. Ал — Лусон аралындагы Биколь регионуна караштуу дагы бир арал. 5-категориядагы ал тайфун дагы башка провинцияларды талкалады. Алардын айрымдары ага чейин «Молаве» тайфунунан катуу жабыркаган болчу

  • Бул эки тайфундун натыйжасында жаан чакалап куюп, көп жерлерди суу каптады. Жер-жерлерде электр жарыгы өчүп калды, таза суунун баары булганды. Табигый кырсыктан жабыр тарткан аймактагылар менен байланышуу дагы деле мүмкүн болбой жатат

  • Нөшөрлөп жааган жаан селге айланып, Майон жанар тоосундагы ылайга айланган күлдү агызып келген. Ошонун айынан тоонун жанындагы көптөгөн үйлөр ылайга толуп калган

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Миңдеген жарчылар башка жакка көчүрүлдү

  • Үйү толугу менен талкаланып калган 89 жаштагы апа, бир туугандар үйүнөн алып чыгып баратканда, анча-мынча жаракат алды

Мүлккө келтирилген зыян

  • 134 үй жана 8 Падышалык залы бир аз зыян тартты

  • 75 үй жана 8 Падышалык залы чоң зыянга учурады

  • 101 үй жана 1 Падышалык залы толугу менен талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар Кырсык болгондо жардам берүү боюнча алты комитет менен бирге ишенимдештерибизге жардам берүүдө. Аларды тамак-аш, суу, баш калкалоочу жай жана башка зарыл нерселер менен камсыз кылып жатышат. Ошол эле учурда COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына да карманууда

Бул табигый кырсыктардан жапа чеккен ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Ушундай оор учурда Жахаба алар үчүн «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай» болуп береринен шектенбейбиз (2 Корунттуктар 1:3).