6-ОКТЯБРЬ, 2022
ФИЛИППИН
Филиппин «Нору» тайфунунан жабыркады
2022-жылдын 25-сентябрында «Нору» супер тайфуну (жергиликтүү эл «Кардиң» деп аташкан) Филиппиндин Кесон провинциясындагы Полилло аралдарына сокку урган. Андан соң Аврора провинциясына жылган. Шамал алгач саатына 195 километр ылдамдыкка чейин соккон, анан күчөп отуруп шамалдын ылдамдыгы саатына 240 километрге чейин жеткен. Тайфундун айынан үйлөр талкаланып, жолдор, көпүрөлөр киши өтө алгыс болуп калган. Ар кайсы жерлерди суу каптаган.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Ишенимдештерибиздин эч кимиси каза болгон эмес
180 үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн
209 үйдүн анча-мынча жери талкаланган
20 үйдүн бир топ жери талкаланган
22 үй толугу менен талкаланып калган
7 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланган
1 Падышалык залынын бир топ жери талкаланган
Жардам берүү иштери
Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 2 комитет түзүлгөн
Жергиликтүү аксакалдар жабыркаган ишенимдештерине кол кабыш кылып, сооротуп-жубатууда
Жардам берүү иши COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чараларына ылайык жүргүзүлүүдө
Жахабадан баш маана издеген ал ишенимдештерибиз үчүн мындан ары да тиленип турабыз (Забур 57:1).