Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 26-АПРЕЛЬ
ФИЛИППИН

Жахабанын Күбөлөрү «Нок-Тен» тайфунунан кийин оңдоо иштерин жүргүзүүдө

Жахабанын Күбөлөрү «Нок-Тен» тайфунунан кийин оңдоо иштерин жүргүзүүдө

МАНИЛА, Филиппин. Жахабанын Күбөлөрү «Нок-Тен» (жергиликтүү эл «Нина» деп атаган) тайфунунан зыян тарткан же талкаланган үйлөрдү оңдоо жана куруу иштерин башташты.

Жасон Дотимас (солдо) жана Бетел Алварез (оңдо) — Полангуи шаарындагы (Филиппин) Падышалык залын оңдоо ишине катышкан куруучулар. Кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн экөө тең 650 чакырымдан ашуун алыстыктагы жерден келишкен.

4-категорияга кирген «Нок-Тен» тайфуну 2016-жылдын 25-декабрында Бикол аймагынын таш-талканын чыгарган. Билдирүүгө ылайык, 10 киши каза болуп, 390 000ден ашуун имарат зыянга учураган. Бир да Жахабанын Күбөсү оор жаракат алган эмес жана каза тапкан эмес. Анткен менен алардын 300дөн ашуун үйү жана 24 сыйынуу жайы (Падышалык залы деп да аталат) жабыркаган же толугу менен талкаланып калган. Жахабанын Күбөлөрүнүн Филиппиндеги филиалы Нага шаарында кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү комитетин уюштуруп, ишенимдештерине көмөк көрсөтүүдө.

«Ыктыярдуу кызмат кылган бир туугандарыбыз ишенимдештерибиздин 271 үйүн жана 22 Падышалык залын оңдошту. Жардам берүү тобу дагы 38 үйдү, ошондой эле 2 Падышалык залын оңдоо иштерин 2017-жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүрүүгө умтулуп жатат»,— дейт Филиппиндеги Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Дин Жейсек.

Убактылуу жашаш үчүн курулган үйлөр. Даяр материалдарды чогултуу ыкмасы менен үйдү алты эле күндө куруп бүтсө болот.

Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча жүргүзгөн иштерди, алсак, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин Жетектөөчү Кеңеш көзөмөлдөйт. Андай иштер ыктыярдуу тартуу менен каржыланат. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган 8 миллиондон ашуун Жахабанын Күбөсүнүн 209 000ден көбү Филиппинде жашайт.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Филиппин: Дин Жейсек, тел: +63-2-224-4444