Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
ФИЛИППИН

Жахабанын Күбөлөрү Филиппиндеги тайфундардан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрү Филиппиндеги тайфундардан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрү 2016-жылдын 16-октябрында жана 19-октябрында Филиппиндин түндүгүндөгү Лусон аралынын таш-талканын чыгарган «Сэрика» (жергиликтүү аталышы «Карен») жана «Хайма» (жергиликтүү аталышы «Лауин») деп аталган тайфундардан жабыр тарткан ишенимдештерине жардам көрсөтүп жатышат. 4-категорияга кирген «Хайма» тайфуну — 2013-жылы көптөрдүн өмүрүн алып кеткен «Хайян» (жергиликтүү аталышы «Йоланда») тайфунунан кийинки эле чоң тайфундардын бири.

Филиппиндеги 200 000 Жахабанын Күбөсүнүн бири да табигый кырсыктан каза тапкан жок жана оор жаракат алган жок. Ошентсе да билдирүүлөргө ылайык, Хайма» тайфунунун кесепети болгон бороон-чапкындан, суу ташкынынан, жер көчкүдөн улам, бери дегенде, Жахабанын Күбөлөрүнүн 1 058 үйү, 43 Падышалык залы, сыйынуу жайы, талкаланган.

Филиппиндеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы Лусондогу Тугегарао шаарында кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин уюштуруп, таза суу, кийим-кече, тамак-аш топтоду. 8 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн керектүү нерселер жабыр тарткан аймактарга жеткирилди. Филиал Жахабанын Күбөлөрүнө убактылуу жашап турганга үйлөрдү куруу, Падышалык залдары менен үйлөрдү оңдоо ишин да жетектөөдө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектейт.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

Филиппин: Дин Жейсек, 63-2-224-4444