Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 12-НОЯБРЬ
ФИЛИППИН

Жолундагынын баарын кыйратып келаткан «Юту» тайфуну Филиппинге жетти

Жолундагынын баарын кыйратып келаткан «Юту» тайфуну Филиппинге жетти

24-октябрда Мариана аралдарынын түндүк жагын кыйраткан «Юту» тайфуну 30-октябрда, шейшемби күнү, Филиппиндин эң чоң аралы Лусонду жабыркатты. Тайфун айдап келген нөшөрлөгөн жаандын кесепетинде сел каптап, адам өмүрүн алып кеткен кыян жүрдү. 11 киши каза таап, миңдегендер башка жакка көчүрүлдү.

Филиппиндеги филиал бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болбогонун жана жаракат албаганын билдирди. Бирок 73 бир тууганыбыздын үйү, 6 Падышалык залы зыян тарткан. Филиппиндеги филиал табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишин уюштурууда.

Биз ушул жылы 18 тайфундан жабыр тарткан Филиппиндеги бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Ошондой эле алар менен бирге Жахабага таянып, анын колдооруна бекем ишенебиз (Забур 55:22).