Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 23-АВГУСТ
ФИЛИППИН

Филиппинде үйлөр өрттөнүп кетти

Филиппинде үйлөр өрттөнүп кетти

2017-жылдын 5-августунда эртең менен Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аралынын жээгинде жайгашкан Давао шаарынын Агдао аймагында адам өмүрүн алып кеткен өрт чыкты. Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, бир киши каза болуп, 100дөйүн башка жакка көчүрүп кетүүгө туура келди. 37 үй түп-орду менен өрттөнүп кетти. Өрт өчүргүчтөр жалындаган өрттү кечке маал араң өчүрүштү.

Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан эч ким жабыр тартпаса да, 13 үй-бүлөнүн үйү өрттүн кетип, 29 адам зыян тартты. Өрттүн айынан башка жакка көчүүгө аргасыз болгон Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештеринин үйлөрүндө баш калкалоодо. Маниладагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түзүп, зарыл жардамдын көрсөтүлүшүнө кам көрүүдө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел:+1-845-524-3000

Филиппин: Дин Жейсек, тел: +63-2-224-4444