Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-СЕНТЯБРЬ
ФИНЛЯНДИЯ

Жахабанын Күбөлөрү Финляндиянын Турку шаарындагы элди жубатууда

Жахабанын Күбөлөрү Финляндиянын Турку шаарындагы элди жубатууда

ХЕЛЬСИНКИ. Финляндияда 2017-жылдын 18-августунда, жума күнү, түштөн кийин бир террорчу жалаң аялдарга кол салган. Өкүнүчтүүсү, бир ишенимдешибиз (аял) да ал кишинин колунан каза тапкан. Финляндиянын түштүк-батыш жээгинде жайгашкан Турку шаарынын базарында болгон бул кырсыкта, ишенимдешибизден сырткары, дагы бир аял өлүп, сегиз адам жарадар болгон. Финляндиядагы филиалдын өкүлдөрү, жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар бул кырсыктан жапа чеккендерге дароо жардам көрсөтүп, жубатып-сооротушкан.

Финляндиядагы филиалдын өкүлү Веикко Лейнонен мындай дейт: «Бул баарыбыздын төбө чачыбызды тик тургузуп, жүрөгүбүздү ооруткан каргашалуу окуя болду. Эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катышып жаткан, пионер болуп кызмат кылган бир тууганыбыздын ошол канкордун колунан каза тапканына зээнибиз кейип отурат. Канчалык сак болгонго аракет кылсак да, „күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга,“ анын ичинде террордук чабуулга кабылып калышыбыз мүмкүн экенин түшүнөбүз. Бирок мындан ары да бири-бирибизди, өзгөчө, каза болгон бир тууганыбыздын жакындарын колдоп-кубаттай беребиз. Жахаба Кудайыбыздан жакын адамынан айрылып күйүт тартып жаткандарга кайгысын көтөрүп кетишине жардам беришин сурап тиленип турабыз. Ошондой эле тийиштүү иш-аракеттерди кыла беребиз жана коркуу сезими кабар айтуу ишин аткара албай калганчалык деңгээлде бийлеп алышына жол бербейбиз» (Насаатчы 9:11; Римдиктер 15:13; Филипиликтер 4:6, 7).

Бир туугандардын баарын жубатып, рухий жактан бекемдеш үчүн филиал Финляндиядагы бардык жыйналыштарга кат жөнөттү. Андан сырткары, Туркудагы эл көп жерде күбөлөндүрүү кызматына катышкан 135 бир тууганды кайраттандырыш үчүн атайын жолугушуу өткөрүлдү. Пионер болуп кызмат кылган ишенимдештерибиз эр жүрөктүк менен кайрадан эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине ынталуу катышып жатышат.

Турку шаарында жашагандардын көпчүлүгү дүйнө жүзүндөгү эң тынч, коопсуз өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Финляндияда да ушундай каргашалуу окуя болгонуна абдан кабатыр болуп жатышат. Кырсык болгон күндүн эртеси эле ага-инилерибиз базарда, үймө-үй кабар айтып, элди жубатып-сооротууга киришишкен.

Финляндиядагы филиал алар үчүн тиленип, дем-күч берерлик каттарды жөнөткөн дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга ыраазычылык билдирет (1 Петир 2:17; 5:9). Биз баарынан да «туруктуулук, сооронуч берген» Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазы экенибизди айткыбыз келет (Римдиктер 15:5).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Финляндия: Веикко Лейнонен, тел: +358-400-453-020