Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 24-НОЯБРЬ
ФИНЛЯНДИЯ

Турку шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү эл көп жерде күбөлөндүрүү ишин улантууда

Турку шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү эл көп жерде күбөлөндүрүү ишин улантууда

ХЕЛЬСИНКИ. Финляндиянын Турку шаарында 2017-жылдын 18-августунда бир киши бир нече адамдын өмүрүн кыйган. Шаардын бийлик өкүлдөрү ошондон бир нече күн өткөндөн кийин Жахабанын Күбөлөрүн базар аянтында кабар айтуу ишин улантууга үндөгөн.

Турку шаарынын базар аянтындагы коопсуздукка жооптуу болгон Тему Риссанен мындай дейт: «Базар аянтында дайыма кабар айтып турган Жахабанын Күбөлөрү шаардын көркүнө көрк кошуп турат. Жахабанын Күбөлөрү базар аянтында кабар айтпай калганда, шаардын тургундары тынчсызданып: „Алар эмнеге келбей калышкан?“ — деп сурап жатышты. Күлүп-жайнап жүргөн, сылык-сыпаа сүйлөгөн Жахабанын Күбөлөрү аянтта жакшы маанайдын өкүм сүрүшүнө чоң салым кошушат».

Финляндиядагы филиалдын өкүлү Вейкко Лейнонен мындай дейт: «Жылуу сөздөрүн айткан бийлик өкүлдөрүнө жана келбей калганыбызга тынчсызданып жаткан шаардын тургундарына ыраазычылык билдиребиз. Атүгүл бийлик өкүлдөрү коопсуздугубузга шарт түзө турган күркөнү убактылуу колдонгонго уруксат беришти. Кайрадан Турку шаарынын тургундарына Ыйык Китептеги жубатарлык кабарды кайрадан айтып жатканыбызга кубануудабыз».

Байланышуу: Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Финляндия: Вейкко Лейнонен, тел.: +358-400-453-020