2019-ЖЫЛ, 8-АВГУСТ
ФРАНЦИЯ
Париж, Франция. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
Күнү: 2019-жыл, 2—4-август
Өткөрүлгөн жери: «Пари-Норд Вильпент» көргөзмө борбору, Париж, Франция
Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, немис, орус, румын, француз
Катышкандардын жогорку саны: 37 809
Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 265
Эл аралык делегаттардын саны: 5 500
Чакырылган филиалдар: Борбордук Европа, Британия, Греция, Жаңы Каледония, Замбия, Казакстан, Канада, Кот-д’Ивуар, Кошмо Штаттар, Молдавия, Таити, Чили, Эквадор
Жергиликтүү окуя: Жыйын өткөн имараттын жетекчилеринин бири жол тыгынын көргөндө мындай деген: «Силер деги ачууланасыңарбы? Жыйын өтүп жаткан учурда жол тыгынында турган Жахабанын Күбөлөрүнүн бири да сигнал бере берген жок, ачууланып, каарданган жок, эч кимиси машинелердин ортосуна кире калган жок».
Делегаттар токтогон мейманкананын бир жумушчусу: «Көптөгөн топ адамдарды көрүп эле жүрөм, бирок силердин уюмуңар мыктылардын мыктысы экен. Баары кубанычтуу жүрүштү. Алардын арасында сонун маанай өкүм сүрүп турду!» — деген.
Парижге келген делегаттарды аэропорттон тосуп алып жаткан жергиликтүү бир туугандар
Эл көп жерде күбөлөндүрүп жаткан бир туугандар; ары жагында көптөргө белгилүү болгон Эйфель мунарасы турат
Жыйын өткөн жердин сыртында пикирлешип жаткан бир туугандар
Ишемби күнү чогуу чөмүлүп жаткан жубайлар
Таити улуттук кийимин кийген делегаттар жыйындын программасын угуп отурушат
Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис ишемби күндүн соңку баяндамасын айтып жатат
Атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандардын жекшемби күнкү программанын соңунда башкаларга кол булгалап жатканы видео аркылуу көрсөтүлүүдө
Бейтелдеги ачык эшиктер күнүндө бир тууган француздардын таттуу-паттуулары кантип жасаларын көрсөтүп жатат