Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 29-ОКТЯБРЬ
ФРАНЦИЯ

Франциянын түштүгүн сел каптады

Франциянын түштүгүн сел каптады

2018-жылдын 14, 15-октябрында Франциянын түштүгүндөгү аймакта нөшөрлөгөн жаандын кесепетинде сел жүрүп, бери дегенде, 10 киши каза тапты.

Франциядагы филиалдан келген билдирүүлөргө ылайык, ал аймакта жашаган бир туугандарыбыздын баары аман-эсен. Бирок алардын айрымдары башка жакка көчүүгө аргасыз болушту. Бир нече ишенимдешибиздин мүлкү зыянга учурады. Үчөөнүкү катуу жабыркады. Филиалдагы кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үстөлү бир туугандарга кам көрүүдө.

Биз бир туугандарыбыз ушундай оор учурда таянып жаткан Жахаба Кудайыбыздын аларды «бекем кармап», колдооруна толук ишенебиз (Забур 63:8).