2017-ЖЫЛ, 7-ИЮНЬ
ШРИ-ЛАНКА
Шри-Ланкада жаан нөшөрлөп төгүп, жер көчкү жүрдү
Жахабанын Күбөлөрү 26-майда башталган, Шри-Ланканын түштүгүн бүлгүнгө учураткан нөшөрлөгөн жаандан, жер көчкүдөн жабыр тарткан ишенимдештерине жана башкаларга жардам көрсөтүп жатышат. Расмий билдирүүгө ылайык, 200дөн ашуун киши каза болуп, 77 000ден көбү үй-жайсыз калган.
Жахабанын Күбөлөрүнүн Шри-Ланкадагы филиалы табигый кырсыктан жапа чеккен 100дөн ашуун ишенимдешине жардам берүү, зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн эки комитет уюштурду. Аларга азык-түлүк жеткирилип, үйсүз калгандары түнөк жай менен камсыз кылынды. Отчётко ылайык, табигый кырсыктан бир да Жахабанын Күбөсү каза болгон жок.
Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.
Байланышуу:Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Шри-Ланка: Нидху Дейвид, тел: +94-11-2930-444