2019-ЖЫЛ, 24-ИЮНЬ
ЭКВАДОР
Гуаякиль, Эквадор. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
Күнү: 2019-жыл, 14—16-июнь
Өткөрүлгөн жери: «Монументал Банко Пичинча» стадиону, Гуаякиль, Эквадор
Жыйын өткөн тилдер: англис, испан, эквадор жаңдоо тили
Катышкандардын жогорку саны: 53 055
Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 702
Эл аралык делегаттардын саны: 5 300
Чакырылган филиалдар: Аргентина, Бельгия, Боливия, Борбордук Америка, Испания, Казакстан, Колумбия, Корея, Кошмо Штаттар, Куба, Молдавия, Мьянма, Польша
Жергиликтүү окуя: Барселона спорт клубунун президенти жана стадиондун ээси Хосе Франсиско Севайос мындай деген: «Быйылкы жылы да, мурдагы жылдары да силердин жыйындарыңарга байланыштуу эч кандай көйгөй туулган эмес. Бул силердин жыйындарыңарда жүрүм-турумга, тартипке кылдат көңүл бурарыңардан кабар берип турат. Ушундай иш-чараларды уюштуруу оңой-олтоң иштерден эмес. Ошентсе да силер баарын дайыма жакшы уюштурганга, мыкты даярданганга аракет кыласыңар. Силер билимдүү, сылык-сыпаа жана уюшулган аябай жакшы адамдарсыңар. Биз бардык шаарларга, өлкөлөргө Жахабанын Күбөлөрүн кабыл алууну көптөн көп сунуш кылабыз».
Эквадордогу Бейтелдеги ачык эшиктер күнүндө сүрөткө түшүп жаткан делегаттар
Жергиликтүү бир туугандар делегаттар менен кызматта жүрүшөт
Дүйнөнүн чар тарабынан келген делегаттар жыйындын биринчи күнүндө бир үндөн ырдап жатышат
Чөмүлүп жаткан 702 бир тууганыбыздын айрымдары
Программа учурунда ойлорду жазып отурган делегаттар
Корей сүйүү белгисин көрсөтүп жаткан бир туугандар
Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук ишемби күндүн соңку баяндамасын айтууда
Башка өлкөлөрдөн келген атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандар жыйындын акыркы күнүндө кол булгалап жатышат
Атайын уюштурулган достук кечеде бийлеп жаткан жергиликтүү бир туугандар