23-АПРЕЛЬ, 2020
ЭКВАДОР
Эквадордогу Жахабанын Күбөлөрү үйүнөн кабар айтып жатышат
COVID-19 пандемиясы кулач жайып жатканына карабай төгөрөктүн төрт бурчундагы ишенимдештерибиз кызматын жаңы жагдайга ылайыкташтырууда. Алсак, Эквадордогу жарчылар кабар айтуунун ар кандай ыкмаларын колдонуп, жакшы кабар менен бөлүшүп жатышат.
Амбато шаарында жашаган жети жашар кыз апасы менен мектептеги мугалимдерине телефон аркылуу билдирүү жөнөткөн. Ал мындай деп жазган: «Саламатсызбы, эжей. Биз оор убакта жашап жаткандыктан, сизге соороторлук ойлорду жазып жиберейин дегем. Ыйык Китепте, Аян 21:4тө, жакында жаркын келечек келери айтылат. Көбүрөөк маалымат алышыңыз үчүн, шилтеме жөнөтүп жатам».
Бир мугалим: «Рахмат, алтыным. Кичинекей болсоң да, акылдуусуң»,— деген жооп жазган. Башка мугалим окуучусуна ыраазычылык билдирип, «Ыйык китептик аңгемелер» деген китептин электрондук түрүн сураган. Мугалимде ал китеп бар болчу экен, бирок аны башка окуучу сурап кетиптир. Жаш жарчы мугалимине ал китепти jw.org сайтынан кантип жүктөп алса болорун түшүндүргөн.
Кеведо шаарында жашаган бир жубайлар телефондогу номурларды карап чыгып, Жахабанын Күбөсү болбогон адамдарга мындай билдирүү жиберишкен: «Биз Жахабанын Күбөсүбүз. Пандемия өлкөбүзгө жана бүт дүйнөгө таасир эткендиктен, мурдагыдай үймө-үй кабар айта албай калдык, ошондуктан сиз менен видео байланыш аркылуу сүйлөшөлү дегенбиз».
Билдирүү алгандардын көбү буга макул болгон. Мурда Жахабанын Күбөлөрүн уккусу келбеген бир аял ал жубайларды соороторлук кабар айтканына ыраазы болуп, мактаган. Ал учурдагы жагдайдан улам стресс болуп жатканын айткан. Жубайлар ага «Стресс менен күрөшүүнүн жолдору» деп аталган 2020-жылдын «Ойгонгула!» журналынын № 1 санынын PDF форматын жөнөтүшкөн. Кийинки жолкусунда ал аял журнал үчүн ыраазычылык билдирип, аны бир нече жолу окуп чыкканын айткан.
Санто-Доминго-де-лос-Тсачилас провинциясындагы Йохананын кулагы укпайт. Ал сүрөттөрдү колдонуп кат «жазган» a. Анан аларды сүрөткө тартып, кулагы укпагандарга жөнөткөн. Бирок алардын арасында кулагы уккан бир аял бар экен. Ал билдирүүгө дароо жооп берип, суроолорду берген. Йохана анын суроолорун түшүнбөй койгондуктан, ага Ронда деген кулагы уккан бир пионер жооп берген.
Ал аял Рондага Йохананын сүрөттөрү аябай жакканын айткан. Анан: «Жер жүзүндө болуп жаткан окуялар тууралуу Ыйык Китептин дагы башка жеринде айтылабы?» — деп сураган. Ронда ага Лука 21:10, 11ди окуп берип, «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» жана «Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?» деген видеолордун шилтемесин жөнөткөн. Аял сүйлөшүп турууга макул болгон.
Элчи Пабыл камакта отурганда да, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрө» бергендей эле, бир туугандарыбыз дагы үйүнөн чыга албаса да, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп кабар айтып жатышат (Элчилер 28:23).
a Кулагы укпаган адамдардын көпчүлүгү үчүн жазылган текстти түшүнүү кыйынга тургандыктан, жаңдоо тилинде кабар айткан жарчылар сөздөрдү жазгандын ордуна, сүрөттөрдү тартышат.