7-СЕНТЯБРЬ, 2021
ЭКВАДОР
Эквадордогу Конституциялык сот Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин коргоодо
2021-жылы 24-августта Эквадордогу Жахабанын Күбөлөрү соттон чоң жеңишке жетишкен. Конституциялык сот Имбабура провинциясындагы Сан-Хуан-де-Илуман жергиликтүү жамаатынын дин тутуу эркиндигине байланыштуу мыйзамга каршы иш кылышканын жарыялаган. Соттун ушундай чечиминин аркасында Эквадордо жашагандардын баары, өзгөчө жергиликтүү жамааттагылар Кудайга эркин сыйына алышат. Ошондой эле бул чечимди башка өлкөдөгүлөр да колдоно алышат.
2014-жылы жамаат башчылары Жахабанын Күбөлөрүнө таандык жерге кирип барып, Падышалык залынын курулушун токтотуш үчүн күч колдонушкан. Ошондой эле алар ишенимдештерибизге сыйыныш үчүн чогулганга, үймө-үй кабар айтканга тыюу салышкан. Ошондо бир туугандарыбыз сотко кайрылышкан. Бирок жергиликтүү эки сот тең аларга каршы чечим чыгарып, Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктары тебеленбегенин жарыялашкан.
Жергиликтүү сотторго кайрылуудан эч майнап чыкпай койгондуктан бир туугандарыбыз өлкөдөгү эң жогорку сотко, Конституциялык сотко, кайрылышкан. Конституциялык сот ылдыйкы баскычтагы соттордун Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин бузганын айткан. Андан тышкары, адилетсиз чечим чыгарган жамаат башчылары менен сотторду диний жана маданий сабырдуулук көрсөтүү боюнча курсту угууга милдеттендирген. Ошондой эле жамаат башчыларын «ар башка диндегилерге, маданияттагыларга тынчтыкта жашаганга көмөк кылганга жана Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иш-чараларын» коргогонго чакырган.
Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы жактоочусу Филип Брамли мындай деген: «Жергиликтүү жамааттагылардын укуктары алардын маданиятын коргогон калкан сымал десек болот. Бирок ал калканды өлкөдөгү жарандардын укугун шылый чапкан кылычка айландыруу туура эмес».
Сан-Хуан-де-Илумандагы Жахабанын Күбөлөрү соттун ушундай чечим чыгарып бергенине абдан ыраазы.
Ишенимдештерибиздин Жахабанын жардамы менен соттордо жеңиштерге жетип, дин тутуу эркиндигине ээ болгонун көргөндө абдан сүйүнөбүз (Накыл сөздөр 21:1).