16-МАРТ, 2021
ЭКВАТОРДУК ГВИНЕЯ
Экватордук Гвинеядагы жан алган жарылуулар
Болгон жери
Бата шаары, Мондонг Нкуантома районунун тегерек-чети (Экватордук Гвинея)
Кырсык
2021-жылдын 7-мартында Экватордук Гвинеянын чоң шаарларынын бириндеги аскердик лагерде бир нече катуу жарылуу болду. Мунун кесепетинде көп жерлердин таш-талканы чыкты
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
12 жарчы анча оор эмес жаракат алышты
42 жарчы башка жакка көчүрүлдү
1 ишенимдешибиздин 9 жашар кызы оор акыбалда
Айрым боордошторубуз Жахабанын Күбөсү болбогон туугандарынан айрылды
Мүлккө келтирилген зыян
23 үйдүн анча-мынча жери зыян тартты
6 үй катуу зыянга учурады
6 үй толугу менен талкаланды
Жардам берүү иштери
Кырсык болгондо жардам берүү комитети райондук көзөмөлчүлөр, жергиликтүү аксакалдар менен бирге жардам берүү иштерин уюштурууга дайындалды. Алар канча зыян келтирилгенин жана ишенимдештерибизге кандай жардам керек экенин аныктап жатышат
Андан тышкары, райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жарчыларды Ыйык Китептин негизинде сооротуп-жубатууда
Жардам берүү ишин аткарууга салым кошуп жаткандардын баары COVID-19 вирусуна байланыштуу сактык чараларына карманышууда
Жахабадан бул кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерибизди сооротушун сурап тиленип турабыз (Забур 46:1).