26-ОКТЯБРЬ, 2022
ЭРИТРЕЯ
Кошмо Штаттардагы Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссия Эритреянын өкмөтүн 80 жаштагы Жахабанын Күбөсүн эркиндикке чыгарууга үндөп жатат
Кошмо Штаттардын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы (ДТЭЭК) 11 жылдан бери Эритреяда түрмөдө отурган Тесфазион Гебремайклга тынчсызданып жатканын билдирди. Тесфазион бир тууган азыр 80ден ашып калды. ДТЭЭКтин расмий веб-сайтында жашы өр тартып калгандыктан Тесфазион Гебремайклдын ден соолугу коркунучтуу абалда экени жазылган. 2022-жылдын 7-октябрында ДТЭЭКтин Фредерик Дейви аттуу өкүлү Тесфазион Гебремайклды боштондукка чыгарууну расмий түрдө өтүндү.
Эритреянын бийликтегилери Тесфазионду 2011-жылдын 20-июлунда башкаларга кабар айтып жаткан жеринен кармап кеткен. Эритреяда туулуп-өссө да, ал Эритреянын жараны болуп эсептелбейт. Анткени өкмөт Жахабанын Күбөлөрүнүн баары 1994-жылы жарандыктан ажыратып салган.
Тесфазион 1971-жылы Жахабанын Күбөсү болгон. Ал — кошуна-колоңдорунун камын ойлогон киши, мээримдүү, боорукер, жумшак ата жана күйөө. 1974-жылы ал Лемлемге үйлөнгөн. Ал да Жахабанын Күбөсү. Алардын төрт баласы, беш небереси бар.
Лемлем мындай дейт: «Түрмөдө отурган жолдошумдун ден соолугун ойлоп аябай сарсанаа болом. Ал мени абдан жакшы көрүп, колдоп турчу. Ушунусу аябай жетишпей жатат. Бирок Жахабанын ага кам көрүп жатканына эч шектенбейм. Анын берилгендигине, ак жолдон тайбай бек турганына ушунчалык суктанам. Үй-бүлөбүздүн башына ушундай мүшкүл түштү. Бирок Насаатчы 10:4төгү сөздөр тууралуу ой жүгүрткөнүм сабыр сактаганга жардам берип жатат».
Эритрея Жахабанын Күбөлөрүн 1991-жылдан бери катуу куугунтуктап келет. 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын февралына чейин 32 Жахабанын Күбөсү шарттуу түрдө боштондукка чыгарылса да, дагы деле 20сы чыгарыла элек. Баары тең мөөнөтү жок кесилип кеткен. Эритреяда алардын укугун бир да сот же башка уюм коргобогондуктан, алар өмүр бою түрмөгө кесилгендердей эле каралат.
Дүйнөдөгү адам укуктарын коргогон мен-мен деген уюмдар Эритреяны адамдын негизги укуктарын бузуп келгени үчүн кайра-кайра айыптап, өкмөттү ушул жагдайды оңдогонго милдеттендирип келет. Эритреядагы БУУнун тергөө иштери боюнча комиссиясы 2016-жылы атүгүл Эритреянын бийликтегилеринин Жахабанын Күбөлөрүн жана башкаларды куугунтукка алганын «бүтүндөй адамзатка каршы кылмыш ишин» кылгандыкка жатарын жарыялаган.
Гебремайклдын түрмөгө камалганы — Эритреянын өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө, атүгүл карып калгандарына, каршы мыкаачылык менен жүргүзгөн саясатынын бир эле мисалы. 2011-жылдан бери 4 Жахабанын Күбөсү түрмөдө көз жумду. Ошондой эле түрмөдөн көрбөгөн азапты көргөнү үчүн боштондукка чыккандан кийин көп өтпөй эле жашы өр тартып калган 3 Жахабанын Күбөсүнүн көзү өтүп кеткен.
Жахабанын Күбөлөрү Эритреянын өкмөтүнөн бул маселени талкуулаганга өтүнүп келишет. Бирок өкмөттүн баш тартканы баш тарткан.
Барып турган адилетсиздикке кабылган боордошторубуз үчүн тиленип туралы. Жахаба мындан ары да аларды колдой берет деп түк да шектенбейбиз (Еврейлер 13:3).