29-ЯНВАРЬ, 2021
ЭРИТРЕЯ
Эритреяда дагы бир Жахабанын Күбөсү түрмөдөн бошотулду
2021-жылы, 29-январда ишеними үчүн түрмөдө 12 жылдан ашуун убак отурган бир тууганыбыз бошотулду. Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-декабрында 28 Жахабанын Күбөсү эркиндикке чыккан. Биз буга маңдайыбыз жарыла кубанып жатабыз. Ал өлкөдө түрмөдө отурган калган 23 ишенимдешибиз үчүн мындан ары да жалындуу тиленебиз (Еврейлер 13:3).