Мазмунун көрсөтүү

ЭРИТРЕЯ

Эритрея жөнүндө кыскача маалымат

Эритрея жөнүндө кыскача маалымат

Эритреядагы Жахабанын Күбөлөрү эң катуу куугунтукка дуушар болууда. Эритрея 1993-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн камап, кыйнап, куугунтуктап келет. Президенттин 1994-жылдын 25-октябрында чыккан буйругунун негизинде Жахабанын Күбөлөрү саясий иштерге катышпаганы жана аскер кызматынан баш тартканы үчүн «жарандык укуктарынан ажыратылган». Ушундайча өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн негизги укуктарынан ажыраткан.

Канчалаган жылдарга созулган куугунтуктун жана кыйынчылыктардын айынан көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болууда. Калган Жахабанын Күбөлөрү диний иштерин өтө этияттык менен жүргүзүүгө мажбур. Антпесе, алар катуу жазаланат. Өлкөнүн бийлик башчылары Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарын абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн, кээ бирлерин диний жолугушууга катышканы жана башкалар менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн камашкан. Кай бирөөлөрү болсо белгисиз себеп менен түрмөлөрдө отурушат. Түрмөгө карылар да, аялдар да, атүгүл балдар да камалууда. Үч эркек киши 20 жылдан ашык убактан бери отурат. Бул иштердин эч биринде расмий түрдө айып коюлган эмес жана соттук иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Эритреядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталганына эл аралык уюмдар көңүлүн бурууда. Африканын, Европанын, Кошмо Штаттардын бийлик өкүлдөрү Эритреянын бийлик башчыларына ушул маселе боюнча кайрылышкан. Бирок өкмөт жагдайды жакшыртуу үчүн эч кандай деле чара көргөн эмес. Жахабанын Күбөлөрү бул көйгөйдү чечүү үчүн Асмарадагы бийлик өкүлдөрү менен жолугууга бир нече жолу аракет кылышкан. Бирок бийликтегилер алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет.