Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 13-МАРТ
ЭФИОПИЯ

Эфиопиядагы авиакырсыктан бир тууганыбыз каза болду

Эфиопиядагы авиакырсыктан бир тууганыбыз каза болду

10-мартта, жекшемби күнү, «Ethiopian Airlines» авиакомпаниясынын 302-каттамындагы учагы Эфиопиянын борбор калаасы Аддис-Абебадан учуп чыккандан көп өтпөй эле кырсыкка учурады. Ичиндеги 157 кишинин баары набыт болду.

Тилекке каршы, кырсыктан каза тапкандардын арасында Роземари Мумби бир тууганыбыз да бар. Мумби бир тууган 66 жашта болчу жана Италиянын Рим шаарындагы цыган тилиндеги Манзони Инглес жыйналышында толук убакыт кызмат кылчу.

Бир тууганыбыздан айрылганыбызга баарыбыз катуу кайгырып жатабыз. Жахаба ишенимдүү кызматчыларын, анын ичинде Мумби бир тууганыбызды тирилте турган убакты чыдамсыздык менен күтөбүз (Аян 20:13).