Мазмунун көрсөтүү

ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстан жөнүндө кыскача маалымат

Өзбекстан жөнүндө кыскача маалымат

Өзбекстанда Жахабанын Күбөлөрү өлкө 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгонго чейин ондогон жылдар мурун пайда болгон. 1992-жылы Өзбекстан негизги укуктарга кепилдик берген конституция кабыл алган. Бирок дин тутуу эркиндигине байланыштуу маселелерде өкмөт көп учурда ошол конституциянын негизги принциптерин бузуп келет.

Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарын каттоодон баш тартып келишет. Бир гана Чырчык шаарындагы жыйналыш каттоодон өткөрүлгөн a. Чырчык шаарындагы Падышалык залынан башка жерде өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуулары мыйзамсыз деп эсептелет. Полиция кызматкерлери жолугушуу өтүп жаткан жерге, атүгүл менчик үйдө өткөрүлсө да, кирип барып, токтоткон учурлар көп кездешет. Бийлик өкүлдөрү жолугушууга келгендерди кармап кетип, жеке буюмдарын жана диний адабияттарын тартып алууда. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарын бир нече күнгө камап, сабап, сөз менен кордошкон. Кээ бирөөлөрүнө диний иштер менен алектенгени үчүн чоң суммадагы айып пул салып, кылмыш ишин козгоп, бир нече жыл түрмөгө камашкан. Өкмөт аларды каттоодон баш тарткандыктан, тынчтыкта жүргүзүлгөн диний иштер кылмыш катары эсептелүүдө.

Жахабанын Күбөлөрү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Өзбекстандагы, айрыкча, Ташкенттеги жыйналыштардын каттоодон өткөрүлүшүнө уруксат алууга аракет кылууда. Расмий түрдө каттоого уруксат берилсе, Жахабанын Күбөлөрү кандайдыр бир деңгээлде корголуп, кодулоого дуушар болмок эмес жана алардын дин тутуу эркиндиги сыйланмак.

a Биринчи жолу 1994-жылы катталган. Ал эми 1999-жылы кайрадан каттоодон өткөн.