Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн маалымат коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк саясаты

Жахабанын Күбөлөрүнүн маалымат коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк саясаты

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк диний уюму башкалардын жеке жашоого жана жеке маалыматынын корголушуна болгон укугун сыйлайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму ачык пикирлешүүнү, чынчылдык менен маалымат алмашууну жана уюмдун мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөндүктөн, ошондой эле диний жана коомго пайда алып келген иши алга илгерилешине кызыкдар болгондуктан кимдир бирөөлөрдүн жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды топтойт. Ошондой эле маалыматтын купуя сакталышына жана тийиштүү түрдө корголушуна кам көрөт (Накыл сөздөр 15:22; 25:9). Биз купуялуулукка чоң маани беребиз (Накыл сөздөр 20:19).

Ар кайсы өлкөдө ар бир адамдын жеке жашоого болгон укугунун корголушуна кепилдик берген мыйзамдар бар. Биздин уюм, анын ичинде жергиликтүү филиалдар ушундай мыйзамдар иштелип чыкканга чейин эле башкалардын жеке жашоого болгон укугун сыйлап, жеке маалыматка байланыштуу купуялуулукту сактап келген. Биздин уюм буга чейин узак убакыт бою колдонуп келген иш-чараларынын негизинде жеке маалыматтарды мындан ары да купуя сактай берет.

Маалыматты сактоо принциптери. Биздин уюм жеке маалыматтардын баарын төмөнкү принциптерге ылайык колдонот:

  1. Жеке маалымат туура максатта жана мыйзам чегинде колдонулат.

  2. Биздин уюм жеке маалыматты зарыл болгон учурда диний жана коомго пайда алып келген иштерди аткарыш үчүн гана чогултат, иштетет жана колдонот.

  3. Жеке маалыматтар такталып, жаңыртылып турат. Кандайдыр бир ката бар экени билинер замат уюм аларды дароо оңдойт.

  4. Жеке маалыматтар уюмдун мыйзам чегиндеги максаты (максаттары) ишке ашканга чейин эле сакталат.

  5. Жеке маалыматтын ээсинин укугунун сыйланышына чоң маани берилет.

  6. Жеке маалымат укугу жок бирөөлөр тарабынан же мыйзамсыз түрдө жарыяланбашы үчүн уюм тийиштүү техникалык чараларды көрөт. Жеке маалыматтар сыр белги коюлган компьютерлерде сакталат. Ага сыр белги берилген колдонуучулар гана кире алат. Ошондой компьютерлер турган кеңселер жумуш убактысы бүткөндөн кийин бекитилет. Ал жакка уруксат берилгендер гана кире алышат.

  7. Диний жана коомго пайда алып келген иштерин аткарыш үчүн зарыл болбосо, биздин уюм жеке маалыматты бир филиалдан экинчи филиалга жөнөтпөйт. Жөнөтүлө турган учурларда уюмдун мүчөлөрүнүн баары Жахабанын Күбөсү болууну жана ошентип аталууну өз эрки менен тандашканы эске алынат.

Жеке маалыматты колдонууну жөнгө салган жогоруда саналып өткөн маалыматты сактоо принциптери Жахабанын Күбөлөрүнүн баарына жарчы болгондо берилген «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинде айтылат. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» деген китепти караңыз.

Жахабанын Күбөлөрү карманган Жеке маалыматты колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясаттагы «Сиздин укуктарыңыз» деген бөлүмчөдө жазылгандай, кимдир бирөө жеке маалыматынын жана жеке жашоосуна тиешелүү маалыматынын корголушуна укуктуу, ошондой эле аларды оңдоого же жок кылууга укугу бар.

Жогорудагы Жахабанын Күбөлөрүнүн маалымат коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк саясатында Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму жеке маалыматты кандайча колдонору айтылды.