Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

Amazon Fire TVден аудио-видеолорду издөө

Amazon Fire TVден аудио-видеолорду издөө

«Издөө» функциясын колдонуп, JW телеберүүсүнөн аудиону же видеону тапсаңар болот.

Экрандын башкы бетиндеги «Издөө» деген жерге барып, «Тандоо» деген баскычты баскыла. Ошондо издөө терезеси чыгат. Керектүү нерсени табыш үчүн «Тандоо» дегенди дагы бир жолу баскыла.

«Издөө» терезесине тапкыңар келген нерсени жазып, кайсы бир тамгаларын белгилеп койгула. Андан соң «Тандоо» дегенди баскыла. Мисалы, программанын же тасманын темасындагы айрым сөздөрдү же андагы негизги каармандын атын, же болбосо негизги сөздөрдү жазгыла. Ушуларды жазсаңар, ошол сөздөр кездешкен тасмалар тизмеленип калат. Пульттагы «Өйдө», «Ылдый», «Оңго», «Солго» деген баскычтардын жардамы менен тизмеден керектүүсүн тандагыла. Издеп жаткан тасманын же программанын сүрөтүн же болбосо темасын белгилеп, «Тандоо» дегенди баскыла.

Программанын темасындагы кайсы бир сөз айкашын табыш үчүн ошол сөз айкашын тырмакчага жазгыла.

Издөө функциясынын жардамы менен аудиолорду да, видеолорду да табууга болот. Видеолорду тезирээк табыш үчүн «Видеотасма» дегенди баскыла. Ал эми аудиолорду тезирээк табыш үчүн «Аудио» дегенди баскыла.

«Издөө» функциясы жазган сөзүңөргө дал келген 24 тасманы же аудио жаздырууну тизмелеп берет. Таап берген тасма же аудио жаздыруулардын толук тизмеси төмөнкүчө белгиленет: «Көрсөтүү 24/28».

Эгер издеген тасмаңарды таппай жатсаңар, табууга жардам берген дагы башка сөз жазгыла. Мисалы, кайсы бир айдын телеберүүсүн издеп жатып, «Издөө» деген жерге «телеберүү» деп жазгандан кийин кайсы жылы, кайсы айда чыкканын, программаны алып барган бир туугандын атын же ошол айдын программасындагы негизги ойду камтыган сөздү да жазсаңар болот.