Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW ТЕЛЕБЕРҮҮСҮ

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW телеберүүсү (Roku)

Көптөрдү кызыктырган суроолор. JW телеберүүсү (Roku)

Буга издөө деген жерге туура эмес сөздөрдү жазып жатканыңыз себеп болушу мүмкүн. Жардам алыш үчүн JW телеберүүсүн орнотууга байланыштуу көрсөтмөнү караңыз. Дагы бир себеби электрондук каражатыңызда JW телеберүүсүнүн програмдык жабдыгы иштебеши мүмкүн. JW телеберүүсүн Roku каражаттарынын биринчи муундагы моделдери аркылуу көрүү мүмкүн эмес.

 

Roku каражатын колдонуп, тасмаларды төмөндөгү тилдерде көрсөңүздөр болот: албан, америка жаңдоо тили, англис, аргентин жаңдоо тили, бразилия жаңдоо тили, венгр, дания, зулу, индонезия, италян, испан, киньяруанда, колумбия жаңдоо тили, коса, мексика жаңдоо тили, немис, нидерланд, норвег, португал, тсонга, финн, француз, хорват, швед, эстон.

JW телеберүүсүнүн башкы бетиндеги тилди тандоону билдирген белгини басыңыз.

 

JW телеберүүсүнүн програмдык жабдыгын жүктөп алуу да, колдонуу да акысыз.

 

Roku каналынын кампасында бекер болбогон нерселер да бар болгондуктан, аккаунт ачканда күчүн жогото элек кредиттик карта талап кылынат. Бир нерсе сатып алууну чечкениңизде гана картаңыздан акча алынат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Roku каражатын колдонуу жана тейлөө жөнүндөгү сайтка кириңиз.

 

Roku же JW телеберүүсү жөнүндө билген досуңуз жардам бере алаттыр. Эгер сурооңуз Roku каражаты же аккаунт жөнүндө болсо, Roku онлайн жардамына кайрылыңыз. Ал эми JW телеберүүсү жөнүндө болсо, сизге жакын жайгашкан филиалыбызга кайрылыңыз.