JW LIBRARY
Ыйык Китептерди жүктөп алуу жана өзүбүзгө ылайыкташтыруу (iOS)
JW Library программасынын эң негизги функциялары — Ыйык Китепти окуу жана изилдөө.
Төмөндө Ыйык Китептерди жүктөп алууга жана аларды өзүбүзгө ылайыкташтырууга байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:
Ыйык Китепти жүктөп алуу
Ыйык Китептин котормолорун офлайн окугуңуз келсе, аларды жүктөп алыңыз.
Ыйык Китепке кирген китептердин тизмесин Ыйык Китеп куржунунан таба аласыз.
Ал бөлүктөгү Тилдер деген белгини бассаңыз, Ыйык Китептин котормолорунун тизмеси чыгат. Сиздин тилдеги көп колдонулган котормолор тизменин баш жагында болот. Ошондой эле ал тизмеден кайсы бир тилди же Ыйык Китептин кайсы бир котормосун издесеңиз болот. Ал үчүн тизменин үстүндөгү издөө талаачасына издеген тилди же котормону терип жазыңыз. Мисалы, «порт» деп жазсаңыз, португал тилиндеги Ыйык Китептер чыгат.
Тизмедеги Ыйык Китептин жанындагы булут белгиси аны жүктөп алуу керектигин билдирет. Ыйык Китепти жүктөп алыш үчүн аны басыңыз. Жүктөп алгандан кийин булут белгиси жоголуп кетет. Ошондон кийин аны ачып окуй аласыз.
Тизмеде Ыйык Китептин сиз окугуңуз келген котормосу жок болушу мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен программага Ыйык Китептин башка котормолору кошулушу мүмкүн болгондуктан, мезгил-мезгили менен текшерип туруңуз.
Ыйык Китепти жок кылуу
Ыйык Китептин кайсы бир котормосун колдонбой калсаңар же каражатыңардан орун бошотуш керек болсо, аны жок кылып салсаңыз болот.
Ал үчүн Ыйык Китеп куржунун ачып, Ыйык Китептердин тизмеси чыгышы үчүн Тилдер деген белгини басыңыз. Жок кылгыңыз келген Ыйык Китепти басып туруп, солго жылдырсаңыз, Жок кылуу деген белги чыгат. Аны басып, китепти жок кылыңыз.
Ыйык Китепти жаңыртуу
Айрым учурларда жүктөп алынган Ыйык Китептер жаңырышы мүмкүн.
Андайда тизмедеги Ыйык Китептин жанында анын жаңырганын билдирген эки жебече белгиси пайда болуп калат. Ыйык Китепти бассаңыз, анын жаңырганын билдирген маалымат чыгат. Жүктөп алуу дегенди тандап, жаңыртылганын жүктөп алсаңыз болот же Кийинчерээк дегенди тандап, мурункусун окуй берсеңиз болот.
Бул функциялар iOS 6.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын февраль айында чыккан JW Library программасынын 1.4 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (iOS)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.