Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

JW.ORG сайтын мобилдик каражаттан колдонуу

JW.ORG сайтын мобилдик каражаттан колдонуу

Сайттагы веб-барактарды жана функцияларды компьютерден толук экран режиминде көрө алгандай эле, смартфондон же планшеттен да көрсө болот. Бирок сайттын веб-барактары менен менюсун мобилдик каражаттын чакан экранынан колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн, алардын көрүнүшү компьютердегиден айырмаланат. Ушул макаладагы кеңештер jw.org сайтынан керектүү материалды оңой табууга жардам берет.

 Сайттын менюсун мобилдик каражаттан колдонуу

Толук экран режиминде сайттын куржундарынын аталыштары дайыма сайттын жогору жагына чыгат. Бөлүктөрү болсо кайсы бир куржундун аталышын басканда экрандын жогору жагында көрсөтүлөт.

Ал эми мобилдик каражаттын экраны кичинекей болгондуктан, андай каражаттарда куржундар жана бөлүктөр тигинен көрсөтүлөт. Бирок экрандын бетин жаап калбашы үчүн алар колдонулбаган учурда көрүнбөйт.

  • Куржундарды жана бөлүктөрдү көрүү үчүн же жашыруу үчүн Меню дегенди басыңыз. Куржундардын бирин бассаңыз, ошол куржун ачылат.

  • Куржундун ичиндеги бөлүктөрдү көрүш үчүн анын оң жагындагы жебечени басыңыз. Ал бөлүктөрдүн бирин бассаңыз, ошол бөлүккө тиешелүү веб-барагы ачылат.

  • Ал эми ачылган бөлүктөрдү жабуу үчүн кайра эле жебечени басыңыз.

  • Башкы бетке баруу үчүн JW.ORG деген баскычты басыңыз.

  • Сайттагы тилдердин тизмесин көрүү үчүн Тилдер деген баскычты басыңыз.

  • Керектүү материалды табуу үчүн «Издөө» деген жерди басыңыз.

 Макалаларды же адабияттардагы бөлүмдөрдү издөө

Толук экран режиминде сиз окуп жаткан макаланын же бөлүмдүн мазмуну дайыма көрсөтүлүп турат. Ал эми мобилдик каражаттын экраны кичинекей болгондуктан, анын мазмуну жашырылып турат.

  • Ошондуктан мазмунун көрүү үчүн Мазмуну көрсөтүлгөн баскычты басыңыз. Ал жердеги макалалардын же бөлүмдөрдүн бирин окуу үчүн анын аталышын басыңыз.

  • Мурунку макалага же бөлүмгө өтүү үчүн «Мурункусу» деген баскычты басыңыз.

  • Ал эми кийинки макалага же бөлүмгө өтүү үчүн «Кийинкиси» деген баскычты басыңыз.

  • Мазмунду жаап, макаланы же бөлүмдү андан ары окуш үчүн Мазмуну көрсөтүлгөн баскычты басыңыз.

 Ыйык Китепти онлайн түрүндө окуу

Адегенде КИТЕПКАНА > ОНЛАЙН ЫЙЫК КИТЕП деген жерге барыңыз. Анан Ыйык Китепти тандаңыз. Же башкы беттен Ыйык Китепти онлайн түрүндө окуңуз деген шилтемени басыңыз. Эске алчу нерсе: Эгер Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» (изилдөөгө арналган чыгарылышын) колдонсоңор, анда «Ыйык Китептин изилдөө жүргүзүүгө арналган чыгарылышын колдонуу» деген макаланы окуп көргүлө.

Экрандагы түрүлүп-жазыла турган тизмеден Ыйык Китептеги кайсы бир китепти жана бөлүмдү тандаңыз, анан аны басыңыз.

  • Ыйык Китептин мазмунун, кириш бөлүгүн жана тиркемелерин көрүш үчүн Көрсөтүү деген баскычты басыңыз.

  • Мурунку бөлүмгө өтүү үчүн «Мурункусу» деген баскычты басыңыз.

  • Ал эми кийинки бөлүмгө өтүү үчүн «Кийинкиси» деген баскычты басыңыз.

  • Ыйык Китептин мазмунун жашыруу үчүн кайра «Мазмуну» деген баскычты басыңыз.

 Макаланын аудиожаздыруусун угуу

Эгер сиз окуп жаткан макаланын аудиожаздыруусу бар болсо, анда Аудиопанель чыгат.

  • Аудиожаздырууну угуу үчүн Ойнотуу деген баскычты басыңыз.

  • Токтотуу үчүн Токтотуу деген баскычты басыңыз. Кайрадан угуу үчүн Ойнотуу деген баскычты басыңыз.

  • Ойнотулуп жаткан аудиону алдыга же артка жылдыруу үчүн Тегерек баскычты жылдырыңыз.

Эгер макаланын аудиожаздыруусун ойнотуп, анан ошол бетти ылдый түрсөңүз, Аудиопанель Меню тилкесинде кала берет. Бул веб-барагынан чыкпай эле аудиону ошол жерден токтотуп же кайра ойнотконго мүмкүндүк берет.