Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW.ORG ВЕБ-САЙТЫ

«Amazon Alexa» программасы аркылуу JW.ORG сайтына буйрук берүү

«Amazon Alexa» программасы аркылуу JW.ORG сайтына буйрук берүү

«Amazon Alexa» программасы аркылуу jw.org сайтына буйрук берип, ал сайттан каалаган аудиону же видеону ойното аласыңар.

Электрондук каражатты жөндөө

«Amazon Alexa» программасын иштете ала турган электрондук каражатыңарды Интернетке туташтырып, жөндөш үчүн завод чыгарган көрсөтмөсүн окуп көргүлө.

Адегенде каражатыңардан ал программаны ачып, jw.org сайтына бере турган буйругуңарды айтып, жөндөп алгыла. Ан үчүн: «Alexa, jw.org сайтын күйгүз»,— деп сүйлөп, сактап койсоңор болот.

Кайсы каражаттар аркылуу иштейт?

jw.org сайты аткара турган буйруктар «Amazon Alexa» программасын иштете ала турган жана Google кызматынын төмөндөгү тиркемелери орнотулган каражаттар аркылуу аткарылат. Башка каражаттар деле ылайыктуу болушу мүмкүн, бирок биз ар бир эле каражатта бул функцияны иштетип берүүгө кепилдик бере албайбыз.

  • Echo Dot

  • Echo Spot

  • Echo Show

  • Android же iOS аркылуу иштеген «Amazon Alexa» программасынын тиркемеси

JW.ORG сайтына буйрук берүү

jw.org силер бере турган буйрук айтылганга чейин же андан кийин турушу керек. Мисалы:

  • «Alexa, jw.org сайтынан ырларды ойнотуп бер»

  • «Alexa, jw.org сайтына айт, ырларды ойнотуп берсин»

Ошондо Alexa силер сураган аудиону ойното баштайт. Төмөндө Alexa аркылуу эмнелерди ойнотсоңор болоруна байланыштуу айрым мисалдар келтирилди.

Эскертүү: Айрым сөздөрдү айтсаңар да болот, айтпай эле койсоңор да болот. Алар чарчы кашаанын ичинде көрсөтүлгөн. Маселен: «Alexa, jw.org сайтынан [бүгүнкү күндүн] күндөлүк аятын окуп бер»,— десеңер болот. Бул жерде «бүгүнкү күндүн» деген сөздөрдү айтса да болот, айтпаса да болот. Себеби эгер белгилүү бир күндү айтпасаңар, Alexa автоматтык түрдө эле бүгүнкү күндүн аятын окуп берет.

Alexa аркылуу сайттагы материалдарды башка тилдерде да ойното аласыңар.

« Башка тилдеги материалды ойнотуу» деген бөлүмчөнү карагыла.

Ыйык Китеп

Alexa эгер жаздыруусу бар болсо, 2013-жылдагы «Жаңы дүйнө котормосун» ойното баштайт. Жок болсо, 1984-жылдагы басылыштын жаздыруусун ойнотот.

  • «Alexa, jw.org сайтынан Башталышты ойнот»

    (бул китепти 1-бөлүмүнөн баштап толук ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан Матай 5-бөлүмдү ойнот»

  • «Alexa, jw.org сайтынан Римдиктер 15-бөлүм 4-аятты ойнот»

    (бул китепти белгилүү бир бөлүмүнөн баштап ойнотот. Эскертүү: Белгилүү бир аяттан окуп берүү функциясы 2013-жылдагы «Жаңы дүйнө котормосу» үчүн гана иштейт)

Музыка

Alexa аркылуу ырлар топтомун ойнотуп берүүнү сурансаңар, силер токтотконго чейин, ырлар аралаш ойнотула баштайт.

  • «Alexa, jw.org сайтынан музыканы ойнот»

    (ар кандай музыкаларды ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан ырларды ойнот»

    (ырларды ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан балдардын ырларын ойнот»

    (балдар ырдаган «Жахаба Кудай менен дос бол» деген рубриканын ырларын жана Падышалык ырларын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан Падышалык ырларын ойнот»

    (Падышалык ырларынын аспаптар менен аткарылгандарын жана вокал түрүндөгүлөрүн ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан 38-ырды ойнот»

    (бул ырдын жыйналыш үчүн даярдалган түрүн ойнотот)

Жолугушуулар

Alexa Ыйык Китепти окуу деген бөлүктөгү аяттарды, «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган макаласын, жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө акыркы, ушул жана кийинки жумада изилденчү бөлүмүн ойното алат. Ар бир учурда кайсы бир жума дүйшөмбүдөн башталат.

  • «Alexa, jw.org сайтынан ушул жумада окулган Ыйык Китептеги аяттарды окуп бер» же «Alexa, jw.org сайтынан ушул жума үчүн берилген Ыйык Китептеги аяттарды окуп бер»

    (ушул жумадагы иш күндөрүндөгү жолугушуу үчүн тандалган Ыйык Китептеги бөлүмдөрдүн баарын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан өткөн жумада окулган Ыйык Китептеги аяттарды окуп бер»

    (өткөн жумадагы иш күндөрүндөгү жолугушуу үчүн тандалган Ыйык Китептеги бөлүмдөрдүн баарын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан кийинки жумада окула турган Ыйык Китептеги аяттарды окуп бер»

    (кийинки жумадагы иш күндөрүндөгү жолугушуу үчүн тандалган Ыйык Китептеги бөлүмдөрдүн баарын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан «Күзөт мунарасынын» ушул жумада изилденген макаласын окуп бер»

    (ушул жумадагы изилдөө макаласын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан ушул жумадагы жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн окуп бер»

    (ушул жумадагы иш күндөрүндөгү жолугушууда карала турган бөлүмдү ойнотот)

Кошумча функциялар

  • «Alexa, jw.org сайтынан [бүгүнкү күндүн] күндөлүк аятын окуп бер»

    (Alexa «Ыйык Жазманы күндө изилдөөдөн» бүгүнкү күндүн аятын жана түшүндүрмөсүн окуп берет)

  • «Alexa, jw.org сайтынан эртеңки күндүн (же кечеги күндүн, кийинки шаршембинин, 1-декабрдын) күндөлүк аятын окуп бер»

    (Alexa белгилүү бир күндүн аятын окуп берет)

  • «Alexa, jw.org сайтынан акыркы таңкы сыйынууну ойнот»

    (жакында эле чыккан таңкы сыйынуулардын эң акыркысын ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан таңкы сыйынуу [программаларын] ойнот»

    (таңкы сыйынуу программаларын аралаш ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан драмаларды ойнот»

    (аудиодрамаларды аралаш ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан Ыйык Китептен үзүндүлөрдү ойнот»

    (Ыйык Китептен үзүндүлөрдү аралаш ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан [ай сайынкы] телеберүүнү ойнот»

    (ай сайынкы телеберүүнүн акыркысынын аудиосун ойнотот)

  • «Alexa, jw.org сайтынан 2019-жылдын январь айындагы [ай сайынкы] телеберүүнү ойнот»

    (тандалган айдагы ай сайынкы телеберүүнүн аудиосун ойнотот)

 Башка тилдеги материалды ойнотуу

Эгер jw.org сайтында башка тилдеги аудио материал бар болсо, аны ойното аласыңар.

Мисалы:

  • «Alexa, jw.org сайтынан изилдөөгө арналган “Күзөт мунарасынын” ушул жумадагы макаласын орус тилинде окуп бер».

  • «Alexa, jw.org сайтынан ушул жумадагы жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндөгү материалды тагал тилинде окуп бер».

  • «Alexa, jw.org сайтынан ырлардын корей тилинде ойнот».

  • «Alexa, jw.org сайтынан таңкы сыйынуунун акыркысынын хинди тилинде ойнот».

Буларды эске алгыла:

  • Күндөлүк аятты башка тилде окута албайсыңар. Анткени аны Alexa өзү окуп берет. Ошондуктан аны электрондук каражатыңар кайсы тилде жөндөлгөн болсо, Alexa  ошол тилде гана окуй алат.

  • jw.org сайты иш күндөрүндөгү жолугушуунун англис же башка чоң-чоң тилдердеги графигинде эмнелер көрсөтүлсө, ошолорду окуп же ойнотуп берет. Айрым учурларда башка тилдердеги жыйналыштарда жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө башка адабият изилдениши мүмкүн.

Ойнотуу функциялары

Төмөнкүдөй буйруктарды берип, аудиону же видеону токтотсоңор, улантсаңар же тынымга коюп койсоңор болот:

  • «Alexa, тыным» же «Alexa, токтот»

    (Alexa, силер улантууну суранмайынча, токтотуп турат)

  • «Alexa, улант»

    (jw.org сайтынан же башка жерден ойнотулуп жатканда токтотулган акыркы материалдан баштап уланта баштайт)

  • «Alexa, кийинкиси» же «Alexa, секирт»

    (учурда ойнотулуп жаткан аудио же видео токтойт жана кийинкиси ойнотула баштайт)

  • «Alexa, мурункусу»

    (учурда ойнотулуп жаткан аудио же видео токтойт жана мурункусу ойнотула баштайт)

  • «Alexa, кайтала» же «Alexa, кайра башынан»

    (учурда ойнотулуп жаткан аудио же видео башынан ойнотула баштайт)

  • «Alexa, кайра-кайра кайтала»

    (эгер бир эле аудио же видео ойнотулуп жатса, ошону кайра-кайра ойното берет. Ал эми бир топтом ойнотулуп жаткан болсо, аны кайра-кайра башынан коё берет)

  • «Alexa, кайталоону токтот»

    (учурда ойнотулуп жаткан аудио же видео же топтом токтойт)