Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Тоголок баштын өзүн-өзү тазалаган териси

Тоголок баштын өзүн-өзү тазалаган териси

 Кемелердин корпусуна жармашып өсүп алган рак сымалдар тукумуна кирген жандыктар, бактериялар, омурткасыздар жана балырлар кемелердин операторлоруна чоң көйгөй туудурат. Мындай микроорганизмдер кеменин ылдамдыгын жайлаткандыктан, күйүүчү май көп кетет жана кемени эки жылда бир тазалап турууга туура келет. Окумуштуулар бул көйгөйдү чечиш үчүн табиятты изилдөөдө.

 Көңүл бурсаңар: Изилдөөлөрдөн дельфиндин «тоголок баш» (Globicephala melas) деп аталган түрүнүн терисинин өзүн-өзү тазалоо касиети бар экени айкын болду. Анын териси өтө майда быдырлар менен капталгандыктан, рак сымалдар тукумуна кирген жандыктардын личинкалары жармаша албай калат. Быдырлардын ортосунан балырлар менен бактерияларга чабуул коё турган илээшкек зат бөлүнүп чыгып, терини каптап калат. Ал катмар сыйрылып түшүп калганда, илээшкек зат кайрадан бөлүнүп чыга баштайт.

 Окумуштуулар тоголок баштын терисинин өзүн-өзү тазалоо касиетине окшоштуруп, кемелердин корпусун тазалоо ыкмасын киргизүүнү ойлонуштуруп жатышат. Мурун кемелерди микроорганизмдердин жармашып алышына бөгөт коё турган сыр менен сырдап турушчу. Бирок андай сырлар деңиз жандыктары үчүн уулуу болгондуктан, акыркы маалдарда аларды колдонууга тыюу салынууда. Окумуштуулардын айтканына ылайык, кеменин корпусун быдырлары бар тор менен каптап, тешиктерден биотүрдүүлүккө зыяны тийбей турган химиялык зат бөлүнүп чыккыдай кылса болот. Ал илээшкек зат деңиз суусуна тийгенде катып, кеменин корпусун жаап турган «териге» айланат. Калыңдыгы 0,7 миллиметрдей болгондо, ал «тери» ага жармашып калган микроорганизмдер менен кошо алынып салынат. Анан жаңыдан бөлүнүп чыккан илээшкек зат кеменин корпусун кайрадан каптай баштайт.

Кемеге жармашып алган микроорганизмдер кеменин ылдамдыгын жайлатат жана кемени алардан тазалаш кыйынга турат

 Лабораториялык изилдөөлөр бул ыкма микроорганизмдердин кемеге жармашып өсүп алышын 100 эсеге азайтышы мүмкүн экенин көрсөттү. Кемени тазалап-тейлөөгө абдан көп каражат жумшалгандыктан, бул ыкманы колдонуу кеме компанияларына чоң киреше алып келери күтүлүүдө.

 Кандай деп ойлойсуңар? Тоголок баштын өзүн-өзү тазалоо касиети бар териси эволюциянын аркасында пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?