Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балдар жана соцтармактар (2-бөлүк). Балаңарга соцтармактарды туура колдонгонду үйрөткүлө

Балдар жана соцтармактар (2-бөлүк). Балаңарга соцтармактарды туура колдонгонду үйрөткүлө

 Соцтармактардын кооптуу жактарын талдап чыккан соң көптөгөн ата-энелер балдарына аларды колдонууга уруксат бербей эле коюуну чечишкен. Бирок эгер өспүрүм балаңарга аларды колдонууга уруксат берген болсоңорчу? Анда балаңарга соцтармактардын терс таасиринен качууну жана онлайн чөйрөдө өзүн туура алып жүрүүнү кантип үйрөтсөңөр болот?

Бул макалада:

 Балаңардын убактысы

 Эмнелерди билишиңер керек? Соцтармактарга оңой эле байланып калууга болот. Ошондуктан балаңарга ага короткон убактысын чектегенге жардам бергиле.

 Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

 Ойлонуп көргүлө: Балаңардын соцтармактарды колдонгону уйкусуна, сабагына жана үй-бүлө менен өткөрчү убактысына таасир эткен жокпу? Изилдөөчүлөрдүн айтымында, өспүрүмдөр түнүчүндө 9 сааттай укташы керек. Бирок соцтармактарда өтө көпкө чейин отурган өспүрүмдөрдүн уйкусу 7 саатка жетпей калат.

 Эмне кылсаңар болот? Балаңар менен эмне маанилүү экени жөнүндө жана соцтармактарга короткон убактысын чектөө эмне үчүн акылдуулукка жатары жөнүндө сүйлөшкүлө. Акылга сыярлык эрежелерди бекиткиле. Мисалы, төшөккө жаткандан кийин электрондук каражаттарды колдонбоону эреже кылып койгула. Силердин максат балаңарга өзүн өзү кармай билүү сапатын өрчүткөнгө жардам берүү болсун. Анткени андай сапаттын кийин чоңойгондо да пайдасы тиет (1 Корунттуктар 9:25).

 Эмоциялык саламаттыгы

 Эмнелерди билишиңер керек? Өспүрүмдөр досторунун жакшыртылып жасалган селфи сүрөттөрүн, жыргап эс алып жүргөндөгү тартылган видеолорун көргөндө жалгызсырашы, бушайман болушу жана депрессияга чалдыгышы мүмкүн.

 Ыйык Китептеги принцип: «Көрө албастыктан... алыс болгула» (1 Петир 2:1).

 Ойлонуп көргүлө: Соцтармактарды колдонгондун аркасында өспүрүм балаңар сырткы көрүнүшүн башкалардыкына салыштырып, ошого өтө эле көп көңүл буруп калган жокпу? Ага башкалардын жашоосу кызыктуу, ал эми аныкы кунарсыз өтүп жаткандай сезилип жаткан жокпу?

 Эмне кылсаңар болот? Балаңар менен өзүн башкаларга салыштыруунун кандай кооптуу жактары бар экени жөнүндө сүйлөшкүлө. Соцтармактардын таасирине эркек балдарга караганда, кыздар көбүрөөк алдырат. Анткени кыздар башкалар менен мамиле түзгөнгө жана сырткы көрүнүшүнө көбүрөөк маани беришет. Жейкоб деген бир бала мындай деген: «Бир канча убакка соцтармактарды өчүрүп салгам. Бул мага мен үчүн эмне маанилүү экенин түшүнгөнгө, өзүмө да, башкаларга да тең салмактуу көз карашта болгонго жардам берди».

 Онлайн дүйнөдө өзүн туура алып жүрүү

 Эмнелерди билишиңер керек? Соцтармактарды колдонгондорду сахнадагы адамдарга салыштырса болот. Анткени алардын эмне кылып жатканы баарына көрүнүп турат. Ошол себептен ар кандай түшүнбөстүктөр пайда болуп, көп чыр-чатактар чыгат.

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылгыла. Бири-бириңерге кайрымдуу... болгула» (Эфестиктер 4:31, 32).

 Ойлонуп көргүлө: Соцтармактардын айынан балаңар ушакка аралашып, башкалар менен чатакташып же жаман сөздөрдү сүйлөп жаткан жокпу?

 Эмне кылсаңар болот? Балаңарга онлайн чөйрөдө канткенде өзүн туура алып жүрсө болорун үйрөткүлө. «Электрондук балдар» деген китепте: «Ата-энелердин милдети — балдарына кайсы жакта болбосун, онлайн чөйрөдөбү же кадимки жашоодобу, зордук-зомбулукка барбашы керектигин айкын түшүндүрүү»,— деп жазылган.

 Эгер корутундулай кетсек, соцтармактарды абдан зарыл нерсе деп айтууга болбойт. Кээ бир ата-энелер балдарына аларды колдонууга уруксат бербей эле коюуну чечишкен. Бирок эгер балаңарга соцтармактарды колдонууга уруксат берсеңер, анын ага бүт убактысын коротпой турганына, кадимки жашоодо да дос күтө аларына, ошондой эле жаман нерселерди көрбөй турганына көзүңөр жеткидей болушу керек.