Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балдарды бала бакчага бериш керекпи?

Балдарды бала бакчага бериш керекпи?

 Жумушта иштеген ата-энелердин айрымдары кичинекей балдарын бала бакчага берүүнү туура көрүшөт. Силер буга кандай карайсыңар?

 Ойлонуп көрүшүңөр керек болгон суроолор

 Бала бакча бала менен ата-энени бири-биринен алыстатпайбы? Алыстатышы мүмкүн. Бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы жылдары анын мээси тез өрчүйт. Ошол кезде бул анын башкалар менен болгон мамилесине таасир этет. Андыктан балаңар калыптанып жаткан ошол учурда аны менен мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылгыла (Мыйзам 6:6, 7).

  •    Баласын бала бакчага бергиси келген ата-энелер аны мээриминен өксүтпөш үчүн эмне кылса болорун ойлонушу керек.

 Бала бакчага барган балдарды ата-энеси эмес, башкалар калыптап койбойбу? Калыптап коюшу мүмкүн. Бир китепте мындай делет: «Балдар өзү теңдүүлөр менен канчалык көбүрөөк убакыт өткөрсө, алардын таасирине ошончолук көбүрөөк алдырат» («Hold On to Your Kids»).

  •    Ата-энелер: «Балабызды бала бакчага берсек, кийин ага сөзүбүз өтпөй калбайбы?» — деп ойлонуп көрүшү зарыл.

 Бала бакчага барган балдар мектепке барганда кыйналбай окуйбу? Айрымдар ошондой дешет. Башкалар болсо бул баланын окуп-үйрөнүшүнө бир аз эле же такыр эле таасир этпейт деп айтышат. Кандай болбосун, Пенелопа Лич деген балдардын психологу мындай деп жазган: «Билим алганы балага кийин бутуна туруп кеткенге жардам берет жана канчалык эрте билим алса, ошончолук жакшы болот деген ойдон алыс болгула. Эгерде ошондой деп ойлосоңор, балаңарга төрөлгөндөн тартып берген таалим-тарбияңарды эч нерсеге арзыбайт дегендей эле болуп каласыңар».

  •    Баласын бала бакчага бергиси келген ата-энелер: «Мунун кандай пайдасы бар, бул канчалык зарыл?» — деп ойлонуп көрүшү керек.

 Экөөңөрдүн бириңер иштебей, бала карап үйдө отура аласыңарбы? Айрым учурларда ата-энелер көп акча тапкысы келген үчүн эле экөө тең иштешет. Бирок мунун балаңар үчүн пайдасынан да зыяны көп болбойбу?

  •    Баласын бала бакчага бергиси келген ата-энелер бири үйдө калып балдарды караш үчүн чыгашаларын азайта алар-албасы жөнүндө ойлонуп көргөнү маанилүү.

 Балаңарды бала бакчага берерден мурун жети өлчөп бир кескиле. Бирок бериш керек болуп жатса, эмне кылсаңар жакшы болорун ойлонгула.

 Эмне кылсаңар болот?

 Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 14:15). Ушул принципти эске алып, балаңарды кайсы бир бала бакчага берерден мурун баарын кылдат таразалагыла.

 Ар кандай жолун карап көргүлө

  •    Айрым ата-энелер балдарын бир же бир нече тарбиячысы бар, аз эле бала тарбияланган жеке менчик бала бакчаларга беришет.

  •    Башкалары балдарын өздөрүнүн тууганына бактырышат. Же алардын үйүндө жашап же келип-кетип иштеген бала баккан бирөөнү жалдашат.

 Анткен менен жогоруда айтылгандардын баарынын жаман да, жакшы да жактары бар. Муну билиш үчүн бул жагынан тажрыйбасы бар башка ата-энелер менен кеңешип көрөттүрсүңөр. Ыйык Китепте да: «Кеңешкендерге акылмандык мүнөздүү»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:10).

 Ал эми мамлекеттик бала бакчаны тандасаңарчы? Андай болсо...

 Тандаган бала бакчаңар жөнүндө билип көргүлө

  •    Башкалар ал бала бакча жөнүндө кандай ой-пикирде?

  •    Тазабы? Коопсузбу?

  •    Балдар эмне менен алек болушат? a

 Тарбиячылар жөнүндө маалымат алгыла

  •    Тарбиячылардын кандай билими бар? Мектеп курагына чейинки балдарды окутуп-үйрөтө алышабы? Биринчи жардам көрсөтө алышабы?

  •    Тарбиячынын аброю кандай?

  •    Ал бала бакчада жумушчулар бат-баттан эле алмаша бербейби? Андай боло турган болсо, балаңарга улам жаңы тарбиячыга көнгөнгө туура келип калат.

  •    Ал бала бакчада канча тарбиячыга канча бала туура келет? Эгер бир тарбиячыга көп балага кам көрүүгө туура келсе, балаңар каралбай калышы мүмкүн. Ошол эле учурда балаңарга канчалык көңүл бурулары анын жаш курагынан, жөндөмүнөн көз каранды болот.

  •    Тарбиячылар силердин оюңарды укканга даярбы? Же өз пикирин силерге эркин айта алабы?

a Мисалы, балдарды алаксытыш үчүн телевизор коюп берип коюшпайбы? Балдардын акыл-эс жөндөмүн өрчүтө турган оюндарды ойнотушабы жана көнүгүүлөрдү жасатышабы?