Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Ичкиликке берилүү — никенин душманы

Ичкиликке берилүү — никенин душманы

 Өмүрлүк жарың ичкениң адатка айланып баратканына тынчсызданып жатканын айтты беле? Эгер айтса, анда төмөнкү нерселер жөнүндө ойлонуп көрүшүң керек.

Бул макалада:

 Ичкиликке берилүү жана нике — кооптуу аралашма

 Ичкиликке берилүү ден соолукту талкалайт. Мисалы, жүрөк ооруларына, боордун циррозуна, ракка чалдыктырат. Бирок ичкилик — ден соолуктун эле эмес, никенин да душманы. Ал үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, акчанын тартыштыгына, жубайлардын биринин ойноштук кылышына жана ажырашууга алып барышы мүмкүн.

 Ыйык китепте ичкилик аны жакшы көргөн кишини «жыландай чагып алары», ага «кара чаар жыландай уу чачары» айтылган (Накыл cөздөр 23:32). Сен ичкиликке байланып калган жоксуңбу? Муну кантип аныктасаң болот?

 Ичкиликке байланып калган жоксуңбу?

 Төмөнкү суроолор муну аныктаганга жардам берет:

  •   Кээде өзүңдү кармай албай, көп ичип албайсыңбы?

  •   Бассаң-турсаң да «дагы жүз грамм болсо» деп калган жоксуңбу?

  •   Ичкиликтин айынан жашооңдо, үй-бүлөңдө кыйынчылыктар болуп жатканын көрүп туруп деле ичип жаткан жоксуңбу?

  •   Таштаганга аракет кылып, бирок ичкиң келип кыйналган жоксуңбу?

  •   Өмүрлүк жарың көп ичип жатканыңды айтып, ошонун айынан уруш-талаш чыккан жокпу?

  •   Мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк ичип калган жоксуңбу?

  •   Үйүңдөн же жумуштан катып ичип калган жоксуңбу?

 Эгер ушул суроолордун бирине же бир нечесине «ооба» деп жооп берсең, анда ичкиликке байланып бараткан окшойсуң. Бул сенин ичкич, аракеч болуп баратканыңдын белгиси болушу мүмкүн.

 Көп ичкен жокмун деп актанбайсыңбы?

 Өмүрлөшүң «сен көбүрөөк ичип коюп жатасың» деп тынчсызданып жаткан жокпу? Эгер ал сарсанаа болуп жатканын айтса, «жок, кичине эле ичтим» деп актанганга аракет кылышың мүмкүн. Же башкаларды, жарыңды күнөөлөп, мындай сөздөрдү айтышың ыктымал:

  •   «Эгер мага жакшыраак мамиле кылсаң, мен ичмек эмесмин».

  •   «Эгер жумушуңдагы жетекчиң меникиндей болсо, сен да ичмексиң».

  •   «Менден да көп ичкендер толтура».

 Ушундай сөздөрдү айта баштаганың ичкиликти никеңден да жогору коюп жатканыңды көрсөтүшү мүмкүн. Сен үчүн кайсынысы маанилүү болушу керек?

 Ыйык Китептеги принцип: «Ал эми аялы бар эркек аялына жагууну көздөйт» (1 Корунттуктар 7:33).

«Көп деле ичкен жокмун» деп актанганың дубалга окшош. Ал эми сарсанаа болуп жатканын айткан өмүрлүк жарыңдын сезимдерине кулак какканың терезе сымал. Андай терезеден көйгөйүңдү айкын көрө аласың. Андыктан дубалды терезеге алмаштыр

 Эмне кылсаң болот?

  •   Сарсанаа болуп жаткан өмүрлүк жарыңдын сөздөрүнө кулак как. Сага ал ашыкча тынчсызданып жаткандай эле сезилсе да, айрым нерселерди өзгөртүп көр. Эгерде жубайыңдын чырылдаганына карабай эч нерсени өзгөртпөй эле ичип жатсаң, анда бул чоң көйгөйдүн башы кылтыйганынан кабар бериши мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктарга 10:24).

  •   Көбүрөөк окуп изилдеп көр. Жоокер согушта жеңишке жетиш үчүн душманы кайсы жактан кол саларын жакшы билиши керек. Сенин жагдайың да так эле ушундай. Эгер душманыңды жеңгиң келсе, анда ичкиликтин кесепеттери, ал кандайча капканга түшүрүп алары жөнүндө көбүрөөк билгенге аракет кылышың керек. Мындан тышкары, сени байлап алган ичкиликтин тузактарынан бошонуш үчүн жана кайра ичип албаш үчүн эмне кылышың керектигин да билип алганың дурус.

     Ыйык Китептеги принцип: «Силерди жаныңарга каршы күрөшкөн дененин каалоолорунан качууга үндөйм» (1 Петир 2:11).

  •   Жардам сура. Ичкиликке берилип кеткендерге жардам бере турган көптөгөн медициналык программалар, дарылоо борборлору, ооруканалар бар. Жетилген досуңа да кайрылсаң болот. Андан ичкиликти таштаганга сага дагы эмнелер тоскоолдук кылып жатканын аныктаганга жардам бериш сура. Анан ичкиң келген учурларда ага чал.

    Доктурга кайрылуу жөнүндө ойлонуп көр

     Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

 Ичкиликти таштоо — татаал маселе. Ал жөн эле кыска макаланы окуп же «бүттү оозума албайм» деп койсоң эле чечилип калбайт. Бирок бир маанилүү нерсени эсиңден чыгарба: эгер аны таштаганга аракет кылбасаң, ал ден соолугуңду эле эмес, никеңди да кыйратат.

 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн төмөнкү макалаларды окуп көргүлө. Алардан башкалар ичкиликти кантип таштаганын биле аласыңар:

 «Мен эми катаал киши болбой калдым»

 «Мурункудай болуп басынып-корунбай калдым»

 «Көчөдө жашап калгам»

 Ошондой эле «Жашоомо тоюп кеткем» деген видеону да көргүлө