Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңарды тырышчаак болгонго үйрөткүлө

Балаңарды тырышчаак болгонго үйрөткүлө

 Балаңар: «Мен муну кыла албайм. Бул кыйын экен. Мен эч качан үйрөнө албайм»,— деп ыйлайт. Балаңар бат эле багынып бергиси келет. Албетте, балаңардын кыйналышын каалабайсыңар. Бирок ага кыйынчылыктарды жеңгенди үйрөткүңөр келет. Ошондо дароо жардамга келе каласыңарбы? Балаңардын багынышына жол бересиңерби? Же ага туруктуу болгонго жардам бергиңер келеби?

Эмнелерди билишиңер керек?

 Тырышчаактык — жашоо үчүн зарыл. Ата-энелер балдарын күжүрмөн эмгектенгендин аркасында жөндөмдүүлүктөрүн арттырганды үйрөтүшү керек. Ошондо алар мектепте жакшыраак окушат, ден соолугу жана эмоциялык саламаттыгы чың болот, башкалар менен да ынак, жакшы мамиледе боло алышат. Ал эми ата-энелер балдарын кыйынчылыктардан, жашоонун оош-кыйыштарынан корголой берсе, алар депрессияга чалдыгышы, өздөрүн эч нерсеге жөндөмсүз сезиши жана чоңойгондо да жашоодон толук канааттануу ала албашы мүмкүн.

 Тырышчаактыкка үйрөнсө болот. Атүгүл кичинекей балдар да тырышчаак болуп, көйгөйлөрдү чече алышат. Бир изилдөөгө ылайык, окумуштуулар төрөлгөнүнө 15 ай болгон бала чоңдордун кайсы бир нерсени кылыш үчүн күч жумшап жатканын көрсө, алар да өздөрү үчүн кыйын болгон нерсени кылганга аракет кыла баштаарын аныкташкан.

 «Кыздарыма бут кийиминин боосун байлаганды үйрөткөнүм эсимде. Бул бир күндө эле үйрөнчү нерсе эмес болчу. Алар бут кийиминин боосун байлаганда, кантип байлаш керектигин 10—15 мүнөт эстеп отурушчу. Анан мен аларга жардам берчүмүн. Кыздарым бир нече айда үйрөнгөн; көңүлү чөгүп, ыйлаган күндөр да болгон. Мен аларга боосу жок бут кийим алып берип койсом деле болмок. Бирок ата-эне катары кыздарыма кыйынчылыктарда туруктуу болгонду үйрөткүм келген» (Калин).

 Тырышчаак болбой калышы мүмкүн. Айрым ата-энелер өздөрү билбей эле балдарынын туруктуулугун алсыратып алышы ыктымал. Кандайча? Алар балдарым өзүн эч нерсеге жараксыз сезип калат деп корккондуктан кыйынчылык боло калганда эле дароо жардамга шашылышат. Бирок бул дайыма эле пайдалуу болбошу мүмкүн. Жессика Лэйхи деген жазуучу мындай деген: «Балдарыбызга көйгөй пайда болгон сайын эле жардам бере берсек, аларга сенин колуңан келерине ишенбейм дегендей эле болобуз. Натыйжада, балдар келечекте туш болгон кыйынчылыктарда мага чоңдор жардам бериши керек деп, бат эле багынып беришет» a.

Балаңарга кайсы бир ишти кылуу оор болуп жатса, дароо жардам бергендин ордуна, аны тырышчаак болгонго үйрөткүлө

Эмне кылсаңар болот?

 Күжүрмөн эмгектенгенге түрткү бергиле. Ата-энелер балдарына үйдөгү жумуштарды жашына жараша бөлүштүрүп берип, тырышчаак болгонго жардам бере алышат. Алсак, мектепке чейинки курактагы балдарды кирлерди өңүнө жараша бөлүштүргөнгө, оюнчуктарын жыйнаганга үйрөтсө болот. Жеткинчектер болсо азык-түлүктү көтөрүп, үстөлдүн үстүн даярдап, аны жыйнап, таштандыларды чыгарып, аркы-беркини сүртүп жардам бере алышат. Ал эми өспүрүмдөргө үйдү жыйнап, аны таза күтө билүү, айрым нерселерди оңдоп-түзөө сыяктуу оорураак жумуштарды тапшырса болот. Ошентсе да, балдарыңар үй иштерин дайыма эле кылгысы келбеши мүмкүн. Бирок балдарыңарды кичинекейинен тартып үй иштерди кылганга үйрөтсөңөр, бул аларга эле пайдалуу болот. Себеби ошондо гана балдар кийин жашоодо кандай жумуш болбосун, багынбай, күжүрмөн эмгектенгенди үйрөнүшөт.

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир эмгектен пайда бар» (Накыл сөздөр 14:23).

 «Балам бир нерсе менен алек болуп турса болду деп, эптеп эле бир жумуш берип, убакытты коротпогула. Бул эч кимге, атүгүл кичинекей балдарга да жакпайт. Алар силерге кол кабыш кыла алышы үчүн чындап пайдалуу болгон иш тапшырып койгула. Эгер балаңар кичинекей болсо, бою жеткен жерлердин чаңын сүртсүн. Машине жууп жаткан болсоңор, балаңар ылдый жактарын жууса болот. Андан кийин чоң жардам бергенин айтып, аны мактагыла» (Крис).

 Кантип кылышты көрсөтүп бергиле. Кээде балдар кайсы бир нерсени кантип кылышты билбегендиктен эле ишти аягына чыгарбай коюшат. Балаңарга жаңы бир нерсени үйрөтүп жатканда төмөнкү ыкманы колдонсоңор болот: биринчиден, кантип кылыш керектигин алгач өзүңөр көрсөтүп бергиле; экинчиден, чогуу кылгыла; үчүнчүдөн, балаңар ошол ишти кылып жатканда көз салып, кантип кылыш керектигин үйрөтүп тургула; төртүнчүдөн, балаңар ошол ишти өзү кылсын.

 Ыйык Китептеги принцип: «Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым» (Жакан 13:15).

 «Тажырыйбаман ынангандай, балдарыбыздын тырышчаак болушун кааласак, алгач бул жагынан өзүбүз үлгү болушубуз керек. Балдарыбыздан көргүбүз келген сапатты, эң алды өзүбүз чагылдырышыбыз керек» (Дак).

 Баары дайыма эле оңой болбой турганын түшүндүргүлө. Убагында силер үчүн оор болсо да, багынбай аракет кылганыңардын аркасында кандай пайда алганыңарды балаңарга айтып берсеңер болот. Аларга бир нерсени үйрөнүү башында оңой болбой турганын жана ката кетиргендин аркасында жаңы нерселерге үйрөнө аларын түшүндүргүлө. Балаңар ката кетиргени үчүн эле аны азыраак жакшы көрүп калбай турганыңарга ынандыргыла. Кадимки булчуң машыкканда өскөндөй эле, балаңар да кыйынчылыктарды жеңгенде гана туруктуу боло алат. Балаңар кайсы бир ишти кылып жатканда ага дароо жардам бергендин ордуна, канчалык оор болбосун, баштаган ишин өзү бүтүрүшүнө мүмкүнчүлүк бергиле. Бир китепте: «Жаштар колунан келбеген нерсени кайра-кайра кылуу менен жетилген киши катары калыптанат»,— деп жазылган.

 Ыйык Китептеги принцип: «Адамдын жаш кезинде моюнтурук көтөргөнү жакшы» (Жеремиянын ыйы 3:27).

 «Балдарыңарга кандайдыр бир деңгээлге чейин кыйынчылыкка дуушар болушуна жол бергениңердин пайдасы тийиши мүмкүн. Бирок аларды жардамга келгенге даяр экениңерге ынандырып тургула. Убакыттын өтүшү менен кыйынчылык өтүп кетет. Ал эми балдарыңар тажрыйба топтоп, тырышчаактыктын акыбети кайтарын түшүнүшөт» (Жордан).

 Акылын эмес, аракетин мактагыла. Алсак, балаңарга: «Сынактан жакшы өттүң. Сен баарынан акылдуусуң!» — деп айткандын ордуна, «Сынактан жакшы өттүң. Тырышып окуганың үчүн сени менен сыймыктанам!» — деп айтсаңар болот. Балдарды акылы үчүн эмес, аракети үчүн мактоо эмнеси менен жакшы? Буга байланыштуу доктор Керол Двег мындай дейт: «Эгерде балдарды акылы үчүн эле мактай берсе, кийин алар жашоодо оор кыйынчылыкка кабылганда өздөрүнөн шектене башташы мүмкүн. Ата-энелер балдарына кыйынчылыктарды сүйгөндү, каталарынан сабак алганды, күжүрмөн эмгектенгенден рахат алганды, кайсы бир нерсени кылуунун жаңы жолдорун тапканды жана андан ары да багынбай үйрөнө бергенге жардам бере алышат. Ошентсеңер, балдарыңар кайсы бир ишти мактоо сөз угуш үчүн эле кылып калбайт». b

 Ыйык Китептеги принцип: «Мактоо адамды сынайт» (Накыл сөздөр 27:21).

a «The Gift of Failure» деген китептен алынды.

b «Mindset» деген китептен алынды.