Азап-кайгынын баарына Шайтан себепкерби?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте Шайтан Ибилистин чынында эле бар экени жана кылмышкерлердин ана башчысы сыңары өзүнүн максатына жетиш үчүн «жалган керемет-жышаандарды
», «ар кандай калпты
» колдонору айтылат. Ыйык Китепте атүгүл анын «өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөрү
» айтылган (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10; 2 Корунттуктар 11:14). Шайтандын чындыгында эле бар экенин дүйнөгө тийгизип жаткан зыяндуу таасиринен билүүгө болот.
Анткен менен азап-кайгынын баарына жалгыз эле Шайтан себепкер эмес. Себеби Кудай адамды жакшы менен жаманды айырмалай алгыдай кылып жараткан (Жашыя 24:15). Ошондуктан жаман ишке барып, анын кесепетин тартканыбызда ага Шайтан эмес, өзүбүз күнөөлүү болобуз (Галатиялыктар 6:7, 8).