Ыйык Китепте бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө курушу тууралуу айтылабы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Жараткан Кудайыбыз никеге байланышкан көрсөтмөлөрдү адамдар ойлоп тапкандан алда канча убакыт мурун эле берген. Ыйык Китептин эң биринчи эле китебинде: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот
»,— деп айтылган (Башталыш 2:24). Ыйык Китептеги сөздөрдү түшүндүргөн бир сөздүккө ылайык, «аял
» деп которулган түп нускадагы еврейче сөз «аялзатына
» карата колдонулат («Vine’s Expository Dictionary of Biblical Words»). Иса пайгамбар да эркек менен аял гана турмуш курушу керектигин айткан (Матай 19:4).
Демек, Кудай эки адамды өмүр бою бириктирип турган нике түйүнүнүн эркек менен аялдын ортосунда гана болушун каалаган. Эркек менен аял бири-бирин толуктап тургудай жаратылгандыктан бири-биринин эмоциялык муктаждыгын, жыныстык муктаждыгын толук канааттандыра алышат жана балалуу боло алышат.