Мазмунун көрсөтүү

Кантип тилениш керек? Иса пайгамбар үйрөткөндөй тиленгенибиз эң туура болобу?

Кантип тилениш керек? Иса пайгамбар үйрөткөндөй тиленгенибиз эң туура болобу?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбар үйрөткөн тиленүүдөн кантип жана эмне жөнүндө тиленишибиз керектигин билсек болот. Шакирттери андан: «Мырзам,.. бизге тиленгенди үйрөтчү»,— деп суранганда, ал аларга тиленгенди үйрөткөн (Лука 11:1). Бирок Кудай жалгыз эле ушул тиленүүнү кабыл кылабы? Жок. a Иса тек гана, Кудай бизди угушу үчүн, кантип тиленишибиз керектигин көрсөткөн.

Бул макалада:

 Иса үйрөткөн тиленүүдө кандай сөздөр камтылат?

 Иса үйрөткөн тиленүү Матай 6:9—13-аяттарда жазылган:

 «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын. Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр. Биз башкалардын күнөөлөрүн кечиргенибиздей эле, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр. Ошондой эле азгырылышыбызга жол бербе, кара өзгөйдөн сакта».

Иса үйрөткөн тиленүүдөгү сөздөр эмнени билдирет?

  Исанын окуткандары Ыйык Китепте жазылгандарга шайкеш келет. Демек, Иса үйрөткөн тиленүүдө камтылган сөздөрдүн маанисин түшүнгөнгө Ыйык Китептеги башка аяттар жардам берет.

«Асмандагы Атабыз»

 Кудайга «Атабыз» деп кайрылганыбыз орундуу. Анткени ал бизди жаратып, өмүр берген (Ышая 64:8).

«Ысмың ыйыкталсын»

 Кудайдын ысымы, тагыраак айтканда, Жахаба деген ысым ыйык тутулуп, даңкталышы керек. Адамдар Кудайдын сапаттары жана ой-ниети жөнүндө башкаларга айтканда анын ысымынын ыйыкталышына салым кошо алышат (Забур 83:18; Ышая 6:3).

«Падышалыгың келсин»

 Кудайдын Падышалыгы — бул асмандагы өкмөт. Анын Падышасы — Иса Машаяк. Иса бизге ошол Падышалык жер үстүнөн бийлик жүргүзүшүн сурап тиленүүнү үйрөткөн (Даниел 2:44; Аян 11:15).

«Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»

 Асманда жамандык, өлүм-житим деген жок. Ошол сыңары, Кудай жерде жашаган адамдардын да тынчтыкта, коопсуздукта түбөлүк өмүр сүрүшүн каалайт (Забур 37:11, 29).

«Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр»

 Исанын убагында нан эң негизги азык болгон. Биз Жараткан Кудайдан көз каранды экенибизди унутпашыбыз керек. Өмүр үчүн зарыл болгон нерселердин баарын ал берет (Элчилер 17:24, 25).

«Биз башкалардын күнөөлөрүн кечиргенибиздей эле, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр»

 Адамдардын баары күнөөкөр жана Кудайдын кечиришине муктаж (Лука 11:4). Эгер Кудайдын бизди кечиришин кааласак, анда биз да башкалардын бизге каршы кылган күнөөлөрүн айкөлдүк менен кечиришибиз керек (Матай 6:14, 15).

«Азгырылышыбызга жол бербе, кара өзгөйдөн сакта»

 Жахаба Кудай бизди эч качан жаман иш кылганга азгырбайт (Жакып 1:13). Бизди кара өзгөй, башкача айтканда, Шайтан Ибилис азгырат. Ыйык Китепте ал «Азгыруучу» деп да аталган (1 Жакан 5:19; Матай 4:1—4). Туура эмес иш кылганга азгырылганда Жахабадан азгырыкка алдырбаганга жардам беришин сурап тиленебиз.

Иса үйрөткөн тиленүүнү жаттап алып эле кайталай бериш керекпи?

  Иса өзү үйрөткөн тиленүүнү сөзмө-сөз жаттап алып кайталагыла дегиси келген эмес. Ал тек гана үлгү көрсөткөн. Ал шакирттерине тиленгенди үйрөтөрдүн алдында: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербегиле»,— деп эскерткен (Матай 6:7). Иса үлгү иретиндеги тиленүүнү башка учурда айтканда мурункусун сөзмө-сөз кайталабай, башка сөздөрдү колдонгон (Лука 11:2—4).

 Кудайдан тиленип жатканда жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төккүлө. Мына ушинтип тиленген эң туура (Забур 62:8).

Кантип тиленишибиз керек?

  Иса үйрөткөн тиленүүдөн, Кудай бизди угушу үчүн, кантип тиленсек болорун биле алабыз. Ошол тиленүү Ыйык Китептеги тиленүү жөнүндөгү башка аяттарга шайкеш келет.

  •   Бир гана Кудайдан тиленгиле

     Аят: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле» (Филипиликтер 4:6).

     Мааниси: Тиленгенде Исага, Мариямга же башка ыйыктарга эмес, Кудайга кайрылышыбыз керек. Иса тиленгенди үйрөтүп жатканда «Атабыз» деген сөздөр менен баштаган. Мындан бир гана Жахаба Кудайдан тиленишибиз керектигин билсек болот.

  •   Кудайдын эркине ылайык келген нерселерди сурап тиленгиле

     Аят: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз» (1 Жакан 5:14).

     Мааниси: Кудайдын эркине ылайык келген нерселердин баарын сурап тиленсек болот. Иса тиленгенди үйрөтүп жатканда: «Сенин эркиң аткарылсын»,— деген сөздөрдү айткан. Муну менен ал Кудайдын эркинин аткарылышы канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Кудайдын жерге жана адамзатка карата эрки кандай экенин Ыйык Китептен биле алабыз.

  •   Өзүңөргө керектүү нерселерди сурап тиленгиле

     Аят: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт» (Забур 55:22).

     Мааниси: Кудай биздин муктаждыктарыбызды канааттандырат. Иса тиленгенди үйрөтүп жатканда жеке ар бир адамга керектүү нерселерди айтып өткөн. Мисалы, күнүмдүк турмушка керектүү нерселер, маанилүү чечимдерди чыгарууга көмөк көрсөткөн жетекчилик, кыйынчылыкка туш болгондо жардам суроо жана күнөөлөрүбүздүн кечирилиши. b Мына, Кудайдан ушуларды тилесек болот.

a Мисалы, Иса жана анын шакирттери үлгүлүү тиленүүдөгү сөздөрдү сөзмө-сөз кайталабай, башка сөздөр менен тиленген учурлары көп эле кездешет (Лука 23:34; Филипиликтер 1:9).

b Кудайдын ырайымына муктаж айрым кишилер өздөрүн ушунчалык күнөөлүү сезгендиктен тиленгенге батынбашы мүмкүн. Бирок Жахаба ошондой кишилерге: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу»,— деген сөздөр менен кайрылат (Ышая 1:18). Ал андан кечиришин чын жүрөктөн өтүнгөндөрдү эч качан четке какпайт.