Мазмунун көрсөтүү

Керемет жолу менен ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

Керемет жолу менен ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептеги «ар кандай тилдерде сүйлөө» деген сөз айкашы Исанын 1-кылымдагы айрым жолдоочуларынын мурда такыр билбеген тилде кереметтүү түрдө сүйлөп калганына карата айтылган (Элчилер 10:46). Ал шакирттер башка элдердин тилинде эркин сүйлөп калышкан (Элчилер 2:4—8). Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ээ болгон кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү ыйык рухтун аркасында берилген белек болгон (Еврейлер 2:4; 1 Корунттуктар 12:4, 30).

 Кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү каякта жана качан берилген?

 Бул керемет биринчи жолу б. з. 33-жылы, Иерусалимде жүйүттөрдүн Элүүнчү күн майрамында болгон. Ошол күнү чогулган Исанын 120дай шакирти «ыйык рухка толуп, ар кайсы тилдерде сүйлөй башташкан» (Элчилер 1:15; 2:1—4). «Ар кайсы жерлерден келген» көптөгөн адамдар шакирттердин алардын «эне тилинде сүйлөп жатышканын» угушкан (Элчилер 2:5, 6).

 Кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү эмне үчүн берилген?

  1.   Кудайдын шакирттерди колдоорун көрсөтүү үчүн берилген. Кудай байыркы убакта Мусага окшогон ишенимдүү кызматчыларын колдоорун билдириш үчүн аларга кереметтерди кылууга күч берген (Чыгуу 4:1—9, 29—31; Сандар 17:10). Ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү ошол эле максатта, тактап айтканда, Кудайдын жаңы уюшулган жыйналышты колдоорун көрсөтүш үчүн берилген. Элчи Пабыл:«Бөтөн тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү — ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн жышаан»,— деген (1 Корунттуктар 14:22).

  2.   Исанын жолдоочуларына кылдат күбөлөндүрүүгө өбөлгө түзгөн. Элүүнчү күн майрамында Исанын жолдоочуларын уккандар: «Баарыбыз булардын ар бирибиздин тилибизде Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жатканын угуп жатабыз»,— дешкен (Элчилер 2:11). Бул керемет Иса Машаяктын жолдоочуларына, ал буйрук кылгандай, «кылдат күбөлөндүрүүгө» жана «бардык элдерден шакирт даярдоого» өбөлгө түзгөн (Элчилер 10:42; Матай 28:19). Кереметке күбө болуп, алардын кабарын уккан 3 000дей киши ошол күнү чөмүлүп, Исанын жолдоочусу болгон (Элчилер 2:41).

 Кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү токтобой бериле берет беле?

 Жок. Ыйык рух аркылуу берилген белектер, анын ичинде кереметтүү түрдө башка тилде сүйлөө жөндөмү убактылуу эле берилген. Ыйык Китепте: «Пайгамбарлык кылуу, ар кандай тилдерде сүйлөө... сыяктуу жөндөмдүүлүктөрдүн баары жок болот»,— деп айтылган (1 Корунттуктар 13:8).

 Ар кандай тилдерде сүйлөп калуу керемети качан токтогон?

 Элчилер шакирттердин жанында турганда, көбүнчө, элчилер шакирттерге колун койгондо, ыйык рух аларга өткөн (Элчилер 8:18; 10:44—46). Элчилерден ыйык рух алгандар аны башкаларга өткөрүп бере алышкан эмес көрүнөт (Элчилер 8:5—7, 14—17). Мисалы, кимдир бирөө бийликтегилерден айдоочунун күбөлүгүн алды деп коёлу. Бирок ага андай күбөлүктү башка бирөөгө берүүгө укук берилген эмес. Ошо сыяктуу эле, элчилердин жана алардан ыйык рух алгандардын көзү өтүп кеткенден кийин ар кандай тилдерде сүйлөп калуу керемети токтогон.

 Биздин күндөрдө да кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү берилеби?

 Кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү, сыягы, б. з. 1-кылымынын аяк ченинде берилбей калган. Бүгүнкү күндө эч ким кереметтүү түрдө ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмүн Кудайдан алгам деп ырастай албайт.

 Исанын чыныгы жолдоочуларын эмне айырмалап турат?

 Иса пайгамбар анын жолдоочуларын бири-бирине жан аябастык менен сүйүү көрсөткөнүнөн таанып-билсе болорун айткан (Жакан 13:34, 35). Ошондой эле элчи Пабыл сүйүү Исанын чыныгы жолдоочуларын башкалардан айырмалап турган белги болорун айткан (1 Корунттуктар 13:1, 8). Ал Кудайдын кызматчылары ыйык рухтун аркасында жалпысынан «рухтун жемиши» деп аталган жана эң башында эле «сүйүү» деп саналган сапаттарды өрчүтө аларын баса белгилеген (Галатиялыктар 5:22, 23).