Ыйык Китепте Кудайдын сөзү жазылганбы?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепти жазгандар Кудайдын сөзүн жазганын айтышкан. Төмөнкү мисалдарга көңүл бурсаңар:
Дөөтү пайгамбар: «
Жахабанын руху мен аркылуу сүйлөдү, ал өзүнүн сөзүн менин оозума салды
»,— деп жазган (2 Шемуел 23:1, 2).Ышая пайгамбар: «
Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт
»,— деп жазган (Ышая 22:15).Элчи Жакан: «
Иса Машаяктын аяны... Кудай ага ушул аянды берди
»,— деп жазган (Аян 1:1).