Мазмунун көрсөтүү

Кумар ойноо күнөөбү?

Кумар ойноо күнөөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте кумар оюну жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтылбаса да, андагы принциптерден кумар ойноо Кудайдын көз алдында күнөө деп эсептелерин байкоого болот (Эфестиктер 5:17) a.

  •   Кумар ойноого ач көздүк себеп болот, ал эми ач көздүктү Кудай жек көрөт (1 Корунттуктар 6:9, 10; Эфестиктер 5:3, 5). Кумарпоздор башкалар айрылган акчанын эсебинен пайда көрүүнү көздөйт, Ыйык Китепте болсо башкага таандык нерселерге көз артпаш керектиги айтылат (Чыгуу 20:17; Римдиктер 7:7; 13:9, 10).

  •   Кумар ойноо, атүгүл аябай аз акча үчүн да ойноо, акчага болгон сүйүүнү өрчүтөт (1 Тиметей 6:9, 10).

  •   Кумарпоздор көбүнчө ырым-жырымга, «кут түшөт» дегенге ишенишет. Бирок Кудай андай нерселерге ишенүү ага эмес, бурканга табынууга жатарын айтат (Ышая 65:11).

  •   Ыйык Китепте бир нерсеге оңой жол менен жетүүнү эңсебестен, күжүрмөн эмгектенүү керектиги айтылат (Насаатчы 2:24; Эфестиктер 4:28). Ыйык Китепте жазылгандарды аткаргандар «өз колу менен тапканын жешет» (2 Тесалоникалыктар 3:10, 12).

  •   Кумар ойноо атаандаштыкты пайда кылат, ал эми Ыйык Китепте андан качышыбыз керектиги эскертилет (Галатиялыктар 5:26).

a  Ыйык Китепте Рим жоокерлери Иса Машаяктын кийимин өз ара бөлүп алыш үчүн өкчөмө таш ыргытканы жөнүндөгү билдирүүдө «кумар оюну» деген сөз колдонулган (Матай 27:35; Жакан 19:23, 24; «Азыркы англис котормосу»; «Жакшы кабар котормосу»).