Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 16:33. «Мен дүйнөнү жеңдим»

Жакан 16:33. «Мен дүйнөнү жеңдим»

 «Мунун баарын мен аркылуу тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым. Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим» (Жакан 16:33, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Мен муну силерге тынчтыгым силер менен болсун деп айттым. Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим» (Жакан 16:33, «Үмүт нуру» котормосу).

Жакан 16:33түн мааниси

 Бул сөздөрдү айтуу менен Иса өзүнүн жолдоочуларын кыйынчылыктарга жана каршылыктарга карабай, Жахабанын жактыруусуна ээ боло алышарына ынандырган.

 «Мунун баарын мен аркылуу a тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым». Бул аяттын контекстинен көрүнүп тургандай, «тынчтык» деген сөз башкалар менен урушпай-талашпай жашоону билдирбейт. Бул жан дүйнө тынчтыгын билдирет. Андай тынчтыкка ыйык рух аласыңар деп убада берген Иса аркылуу ээ боло алабыз. Мындай кубаттуу «жардамчы» менен Исанын жолдоочулары ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүп кете алышат (Жакан 14:16, 26, 27).

 «Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула!» Иса жолдоочуларынын кыйынчылыктарга дуушар болорун, мисалы, адилетсиздикке кабыларын, куугунтукталарын ачык эле айткан (Матай 24:9; 2 Тиметей 3:12). Ошентсе да алар «кайраттуу» болушу керек болчу (Жакан 16:33).

 «Мен дүйнөнү жеңдим». Бул жердеги «дүйнө» деген сөз Кудай менен эч кандай мамилеси жок адил эмес адамдарга карата айтылат b. 1 Жакан 5:19да: «Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз»,— деп айтылат. Ошондуктан бул «дүйнөдөгү» адамдар Кудайдын эркине ылайык келбегендей ой жүгүртүп, иш кылышат (1 Жакан 2:15—17).

 Кудайдын эркине ылайык, Иса жерге келип, башкаларга Кудай жөнүндөгү чындыкты жарыялап, өзүнүн жеткилең өмүрүн кун катары бериши керек болчу. Шайтан жана анын дүйнөсү буга тоскоолдук кылганга аракет кылышкан (Матай 20:28; Лука 4:13; Жакан 18:37). Бирок Иса бул дүйнөнүн анын ой жүгүртүүсүнө таасир этишине жана Кудайдан баш тарттырышына жол берген эмес. Ал өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү бойдон калган. Андыктан Иса дүйнөнү жеңгенин жана «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтандын анын үстүнөн «бийлиги жок» экенин айта алган (Жакан 14:30).

 Иса жолдоочуларынын да ишеними сыналганда, Кудайга берилген бойдон кала аларын өз үлгүсү менен көрсөткөн. Мындайча айтканда, Иса: «Мен дүйнөнү жеңгендей, силер да жеңе аласыңар»,— деп айткандай эле болгон.

Жакан 16:33түн контексти

 Иса бул сөздөрдү өлөр алдындагы түнү айткан. Ал жакында өлөрүн билгендиктен өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларын алдыдагы кыйынчылыктарга даярдагысы келген. Жолдоочуларынын аны экинчи көрбөй турганын да эскерткен. Ошондой эле алардын куугунтукталарын, атүгүл өмүрүнөн айрылышы мүмкүн экенин айткан (Жакан 15:20; 16:2, 10). Бул сөздөрдү укканда, шакирттери коркуп кетсе керек. Бирок Иса Жакан 16:33төгү сөздөрдү айтып, аларды кайраттандырып, тынчтандырган.

 Исанын айткандары жана үлгүсү бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына да дем-күч берет. Исанын ар бир жолдоочусу кандай гана кыйынчылыктарга туш болбосун, Кудайга ишенимдүү бойдон кала алат.

a Аяттагы «мен аркылуу» деп которулган грек сөзүн «мени менен биримдикте» деп да которсо болот. Бул Исанын жолдоочулары аны менен биримдикте болсо, тынчтыкка ээ боло аларын билдирет.

b «Дүйнө» деген сөз Жакан 15:19да жана 2 Петир 2:5те да ушул мааниде колдонулат.