ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Марк 1:15. «Кудайдын Падышалыгы жакындап калды»
«Белгиленген убакыт келди. Кудайдын Падышалыгы жакындап калды. Күнөөлөрүңөр үчүн өкүнүп, жакшы кабарга ишенгиле» (Марк 1:15, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Убакыт келди. Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле» (Марк 1:15, «Үмүт нуру» котормосу).
Марк 1:15тин мааниси
Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын a «жакындап калганын» айткан, анткени ал ошол Падышалыктын Падышасы катары аны угуп тургандардын арасында болчу.
Бирок Иса Падышалыктын башкара баштаганын айткысы келген эмес. Кийинчерээк ал шакирттерине Падышалыктын келечекте башкарарын айткан (Элчилер 1:6, 7). Ошентсе да Иса өз убагында — Ыйык Китепте анын келечектеги Падыша b катары качан келери айтылса, так ошол жылы — келген. Ошол себептен ал: «Белгиленген убакыт келди»,— деп айта алган. Башкача айтканда, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, кызматын баштаганга убакыт келгенин айткан (Лука 4:16—21, 43).
Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар адамдарга пайда алып келиши үчүн, алар мурун кылган күнөөлөрү үчүн өкүнүшү жана Кудайдын нормаларына ылайык жашашы керек болчу. Өкүнгөндөр келечекте башкара турган Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарга ишениши да зарыл эле.
Марк 1:15тин контексти
Иса бул сөздөрдү Галилеяда кызматын баштаганда айткан. Ушул окуя тууралуу жазылган башка билдирүүдө, Матай 4:17де, айтылгандай, ал «ошол убактан тартып» Падышалык жөнүндө жарлай баштаган. Иса, негизинен, Падышалык жөнүндө кабар тараткан. Белгилей кетчү нерсе, Падышалык деген сөз төрт Инжилде c 100дөн ашуун жолу кездешет. Алардын көбүн Иса айткан. Ыйык Китепке ылайык, ал башка нерселерге караганда Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк сөз кылган.
Марк 1-бөлүмдү шилтемелери, байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.
a Кудайдын Падышалыгы — Кудай өзүнүн жерге байланыштуу эркин аткарыш үчүн орноткон асмандагы өкмөт (Даниел 2:44; Матай 6:10). Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген макаланы карагыла.
b Иса алдын ала айтылган Машаякка, тагыраак айтканда, Кудайдын өзгөчө өкүлүнө байланыштуу пайгамбарлыкты аткарыш үчүн падыша болуп дайындалышы керек болчу. Исанын кайсы жылы Машаяк болмоктугун көрсөткөн Ыйык Китептеги хронология жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар Исанын Машаяк болгонун далилдейби?» деген макаланы карагыла.
c Жаңы Келишим деп белгилүү болгон Грек Жазмаларынын алгачкы төрт китеби «Инжил» деп аталат. Ал жакта Исанын жердеги жашоосу жана кызматы тууралуу баяндалат.