ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Матай 6:34. «Эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла»
«Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Ошентип, эртеңки күн үчүн кам жебегиле, анткени эртеңки күн өзүнө кам көрөт: ар бир күндүн өз түйшүгү жетишет» (Матай 6:34, «Мукаддас»).
Матай 6:34түн мааниси
Иса бул сөздөрдү айтып, угуучуларына алдыдагы кыйынчылыктарды ойлоп, өтө тынчсызданбоону, сарсанаа болбоону кеңеш кылган. Анткендин ордуна, бир күндүн түйшүгү менен эле жашаганга үндөгөн.
Бирок Иса эртеңки күндү ойлобошубуз керектигин же алдыга максаттарды койбошубуз керектигин айткысы келген эмес (Накыл сөздөр 21:5). Тескерисинче, ал эртеңки күнү эмне болуп кетет деп ойлоп, өтө тынчсызданбаганга же асан кайгы болбогонго үндөгөн. Эгер аларды ойлоп тынчсыздана берсек, кубанычыбызды жоготуп, чындап маанилүү нерселерге көңүл топтой албай калабыз. Боло элек көйгөйлөрдү ойлоп тынчсыздансак эле, алар чечилип калбайт. Атүгүл биз ойлоп тынчсызданган нерселер болбошу деле мүмкүн же болсо дагы, биз ойлогончолук жаман болбошу ыктымал.
Матай 6:34түн контексти
Бул сөздөр Матай 5тен 7ге чейинки бөлүмдөрдө жазылган Исанын тоодо айткан насаатынан алынган. Ал насаатында Иса бушайман болуу менен жашообузду жакшырта албай турганыбызды же өмүрүбүздү узарта албасыбызды түшүндүргөн (Матай 6:27). Ошондой эле ал Кудайды жашоосунда биринчи орунга койгондордун эртеңкини ойлоп ашыкча тынчсызданбай эле койсо болорун айткан. Кудай өсүмдүктөргө жана жаныбарларга кам көргөндөй эле, өзүнүн кызматчыларына да кам көрөт (Матай 6:25, 26, 28—33).
Матай 6-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.